Бишкектеги бала бакчалар арасында «Манастын урпактары» фестиваль-сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Бишкектеги бала бакчалар арасында «Манастын урпактары» фестиваль-сынагы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Билим АКИpress - Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы «Сейтек» республикалык балдар жана өспүрүмдөр чыгармачылык борборунда «Манастын урпактары» фестивалын өткөрдү. Ага 3 жаштан 7 жашка чейинки 300 бала катышты.

Башкармалыктан билдиришкендей, иш-чарага райондук этаптарда байгелүү орундарды ээлеген бала бакчалар катышты. Алар: №113, №92, №66, №184, №4, №91, №111, №148, №82, №112, №165, №141 и №28 бала бакчалары.

Фестиваль кыргыз элинин тарыхый мурасы болго «Манас» эпосуна жана Эл аралык балдарды коргоо күнүнө арналды.

Иш-чаранын максаты — кыргыз элинин мурасын пропагандалоо, балдарды окутуу аркылуу кыргыз элинин маданиятына тартуу, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын балдары арасында «Манас» эпосун өнүктүрүү жана жайылтуу, эпосту популяризациялоо, мектепке чейинки курактагы балдарды эпоско тартуу менен аларды социалдык-маданий жактан адаптациялоо, кыргыз элдик оозеки чыгармачылыкты өнүктүрүү, таланттуу балдарды аныктоо.

«Манастын урпактары» сынак-фестивалынын жыйынтыгы менен катышуучулар төмөнкүдөй орундарды алышты:

Баш байге – № 82 бала бакча
1-орун – №111 бала бакча
1-орун – №165 бала бакча
2-орун – №112 бала бакча
2-орун – №113 бала бакча
3-орун – №141 бала бакча
3-орун – №91 бала бакча

Ошондой эле активдүү катышкандыгы үчүн №66, №4, №148, №28, №92, №184 бала бакчалары баалуу байгелер менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up