Илимдер академиясынын социалдык билим берүүчү долбоорунун отчёттук иш-чарасы өттү

Илимдер академиясынын социалдык билим берүүчү долбоорунун  отчёттук иш-чарасы өттү

Билим АКИpress - 3-июнда Кара-Жыгач айылында УИАнын социалдык билим берүүчү долбоорунун Аймактарды өнүктүрүү жылына арналган отчёттук иш-чарасы өттү.

Иш-чарага билим берүү жана илим министринин орун басары А.Муратов, УИАнын президенти М.Жуматаев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Кесиптик кошуунунун Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов, академик А.Акматалиев, вице-президент О.Тогусаков, УИАнын президиумунун окумуштуу катчысы Б.Женбаев, Чүй облусунун губернаторунун орун басары А.Солтонбекова, Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, айылдын окуучулары катышты.

Аталган УИАнын социалдык билим берүүчү долбоорунун максаты – УИАнын кызматкерлеринин турак жай маселесин чечүү жана айыл жериндеги балдарды окутуу максатында академиялык билим берүүчү борборду түзүп, иштетүү.

Иш-чарада УИАнын президенти М.Жуматаев социалдык-билим берүүчү долбоордун мааниси, КР Президентинин Аймактарды өнүктүрүү жылына арналган Токтому жөнүндө айтып берди.

«Быйылкы Аймактарды өнүктүрүү жылы боюнча иш-чарага биз жасап жаткан иштер да дал келип калды. Ошондуктан бул демилгелерди колдоого чакырам. Мындай долбоорду Бишкек шаарынын тегерегиндеги дагы бир топ айыл өкмөттөрүнө сунуштайбыз. Аталган иш-чара эки жакка тең пайда алып келүүдө. Себеби бир жагынан окумуштуулардын социалдык маселеси чечилип жатса, экинчи жагынан биздин келечегибиз – балдарды ар тараптуу тарбиялоо, илимге кызыктыруу иштери колго алынууда.

Ал эми билим берүү жана илим министринин орун басары А.Муратов окуучуларды өтүп кеткен Эл аралык балдарды коргоо күнү жана жайкы эс алуулардын башталышы менен куттуктап, долбоор жөнүндө ата кетти.

«Бул иш-чараны уюштурган УИАнын кесиптер кошуунунун жетекчисине терең ыраазычылык билдирип кетем. Ал эми долбоор жөнүндө айтсам, башталганына 2 жылдан ашып калды. Азыркы күнү эле бул иштер бир топ ийгиликтерге жетүүгө мүмкүнчүлүк берип жатыптыр. Демек, бул иш бардык аймактар үчүн үлгү болуп калат деген ишеничтемин.

Иш-чарада мугалимдердин, окумуштуулардын жашоо-шартын жакшыртуу маселеси боюнча Өкмөт, Жогорку Кеңеш менен иштешкенге аракеттер көрүлүп, УИАнын кесиптик кошуунунун аракети менен дагы да башка долбоорлор каралып, мындай долбоорлор Кыргызстандын жети дубанына жайылтылып жаткандыгы айтылды.

Келген коноктор УИАнын социалдык билим берүүчү долбоору, академшаарча менен таанышып, Маданият үйүндө ийримге катышкан балдардын күчү менен даярдалган чакан концертти көрүп кетишти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up