Аксылык окуучу Азиза кыргыз тили жана адабияты сабагынан Республикалык олимпиадада ийгилик жаратты (фото)

Аксылык окуучу Азиза кыргыз тили жана адабияты сабагынан Республикалык олимпиадада ийгилик жаратты (фото)

Билим АКИpress - Аксыдагы Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия класстары бар жалпы орто билим берүү мектебинин 10-классынын окуучусу Азиза кыргыз тили жана адабияты сабагынан мектептик, райондук жана облустук олимпиадаларды жеңип, Бишкек шаарында өткөн республикалык турга катышып келди. Ал Билим АКИpress сайтына олимпиаданын жүрүшү, максаттары тууралуу өз маегинде айтып берди.

- Азиза өзүн жөнүндө айтып берсең?
- Менин аты-жөнүм Эргешова Азиза Нурмырзаевна, 2001-жылы 13-мартта Жалал-Абад облусунун, Аксы районуна караштуу Кербен шаарында жарык дүйнөгө келгем. 2008-жылы Ж.Бөкөнбаев атындагы №36 гимназия класстары бар жалпы орто билим берүүчү мектептин босогосун аттагам. Азыркы убакка чейин ушул мектепте билим алып келем. Мектепте жакшы окуганга аракет жасайм жана аракеттерим текке кетпеди деп ойлойм. Анткени 2017-2018-окуу жылында жакшы жетишкендиктерге жетиштим. Кыргыз тили сабагынан олимпиадага катышып, жакшы көрсөткүчтөргө ээ боло алдым.

- Эмнеге дал ушул сабакты тандап алдың?
- «Эмнеге кыргыз тилин тандап алдың?» деп сурагандар көп болду. Мен адабиятка кичине кезимден эле кызыгып келем, кыргыз тили сабагын да жакшы көрөм. Өзүм да кыргыз, орус, чет элдеринин китептерин кызыгуу менен окуйм. Кыргыз тилин тандап алгандыгымдын да бир себеби китептерге жакындыгым десем да болот.

- Олимпиаданын жүрүшү кандай болду?
- Олимпиада жөнүндө айта турган болсом, олимпиада 4 этапка бөлүндү: мектептик, райондук, облустук жана республикалык. 1-2-этаптар жеңил эле болду, бирок облустук турунда кыйынчылыктар болбой койгон жок. Олимпиаданын 3-этабы Жалал-Абад облусунун «Сапат» балдар лицейинде өткөрүлдү. Олимпиаданын жүрүшү 2 күнгө созулуп, биринчи күнү жазуу иштери боюнча иштедик, ал эми экинчи күнү оозеки түрүндө. Жазуу иштеринде түрдүү тапшырмалар, сүйлөмдөрдү толуктоо, сөздүн лексикалык маанисин табуу, фразеологизмдерди чечмелөө сыяктуу көнүгүүлөрдү беришти. Ошону менен бирге эле пикир жазуу жөндөмдүүлүгүбүздү, сөз байлыгыбызды да текшеришти. Оозеки тапшырмада өзүбүз тандап алган ыр же чыгарманы жаттап, айтып берүүбүз керек болчу. Ошентип 2 күндүк областтык олимпиада жакшы упай менен жыйынтыкталып, диплом менен сыйланып, республикалык 4-турга жолдомо алдым. Олимпиаданын 4-туру борбор калаабыз Бишкек шаарындагы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде болуп өттү. 4-этап да областтагыдай форматта өттү, чынында тапшырмалар татаалыраак экен, бирок көптөгөн жаңы нерселерди өздөштүрдүм деп так айта алам.

26-мартта Мамлекеттик резиденцияда премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушуу аземи болду. Жолугушууда орун алган окуучулар диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Баары жогорку деңгээлде өттү десем жаңылышпайм.

- Республикалык олимпиадага катышуу кандай таасирлерди калтырды?
- Менин оюмча олимпиадага катышуу өзүнчө бир жеңиш, алдыга умтулуу, келечекке карай кадам таштоо болуп эсептелет. Анткени ал жакта ар кандай адамдарды көрөсүң, маектешесиң, дос болосуң. Мен да ал жактан жакшы адамдар менен таанышып, дос болуп келдим. Алар мага оң таасир тийгизди. Ошондуктан аларга менин жашоомо жаңылык киргизгендиги үчүн рахмат айткым келет, ошондой эле мени ушундай деңгээлге жеткирген Токтосунов Усуп агайга, жалпы мектеп жамаатына, ата-энеме, досторума жана бардык ишеним көрсөткөн адамдарга ыраазычылыгымды билдирем.

- Эмнелерге кызыгасың?
- Китеп окуудан сырткары, көп нерселерге кызыгам, мисалы, бийге, пианино, скрипка ойноого, гүл өстүрүүгө. Ошонун менен бирге корей жана чет тилин да өздөштүрүп келе жатам. Себеби келечекте туризм тармагында иштегим келет. Дүйнө кыдырып, эл-жер көрсөм деген ой-максаттарым бар. Буларды ишке ашыруу үчүн дагы да жакшы окуганга аракет жасайм.

- Маегиңе рахмат! Максаттарың ишке ашсын!

Маектешкен: Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия мектебинин мугалими МИРА МУКТАРОВА.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up