Мектепте 2 жыл катары менен «Мыкты окуучу» аталган Алина: Бир кичинекей баштык, анын ичинде 3-4 кийим менен шаарга баргам (фото)

Мектепте 2 жыл катары менен «Мыкты окуучу» аталган Алина: Бир кичинекей баштык, анын ичинде 3-4 кийим менен шаарга баргам (фото)

Билим АКИpress үлгүлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Ысык-көлдүк Алина Тилектешова. Ал мектептин алдыңкы окуучуларынын бири, мектептин президенти болуп, 2 жолу «Жылдын мыкты окуучусу» наамын алган. Учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин бүтүрүүчүсү.

«Мен 1995-жылы 22-сентябрда Ыссык-Көл олбастына караштуу Ак-Суу районун Теплоключенка айылында жарык дүйнөгө келгем. М.Мамакеев атындагы орто мектебин 2013-жылы аяктаган соң Кыргыз-Түрк «Манас» университетине тапшырып, бул жылы аяктап жатабыз. Тандаган кесибим — көркөм өнөр факультетинин сүрөт бөлүмү. Мындай кесипти тандаганымдын себеби өтө жөнөкөй, сүрөткө кызыккандыктан, өзүмдү ушул багытта да сынап көрөйүн дедим.

«Манас» университети мага жаңы эшиктерди ачууга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Эң биринчиден, жагымдуу атмосфера жана татыктуу билим. Мен бул окуу жайда окуп жүрүп, бир эле учурда окууну жана коомдук иштерди бирдей алып кетүүгө аракет кылдым. Ал эми окуу программалары боюнча айта турган болсом, «Мевлана» (Mevlyana) алмашуу программасына тапшырганбыз, бирок ошол жылдары Түркияда ызы-чуу болуп жатканына байланыштуу бизди жөнөтө албай калышкан. Ошентсе да, алдыда дагы жакшы ийгиликтер күтүп турганына ишенем. Кыялданып жана ошол кыялдарды ишке ашырууга аракет кылып, болгон күчүмдү жумшап жатам.

Университетке келгенде биздин студенттердин активдүүлүгүн көрүп аябай суктангам. Мен дагы активдүү жаштардын катарын толуктагым келген жана ал максатымды ишке ашырдык десем болот. 4 жылдан бери Студенттик кенештин казанында бирге кайнап, тажырыйба топтоп жүрөбүз. Алгачкы жылдары жөнөкөй жардамчы болуп, андан соң жаңы тепкичтерге чыга баштадык. Менин дал ушул Студенттик кеңешке келип калышыма чоң себепкер болгон Адилет Кубанычбеков деген биздин сыймыктуу бүтүрүүчү байкебиз жана Атилла Гүвен деген байкелерим мага аябай жардам берип, ишенимин билдирип алдыга жылууга мүмкүнчүлүк түзүп беришкен Өзүмдү ар тараптан өнүктүрүү үчүн «Ойлоншоу» интеллектуалдык клубунда иштедим жана ичимдеги коркуу сезимин жеңүү үчүн дал ушул клубдун уюштурган ар бир оюнунун алып баруучусу катары 2 жыл иш алып бардым.

2016-2017-окуу жылында Студенттик кеңеши башкармалыгынын Текшерүү тобунун төрага орун басары болуп иштеп, команда менен бирге сонун ийгиликтерге жетиштик. 2017-2018-окуу жылында Студенттик кеңештин төрайымы болуп шайланып, азыркы учурда командабыз менен биргеликте иштеп жаткан чагыбыз. Команданын аткарган иштери, алардын жетишкендиктери жалпыбыздын ийгилигибиз деп айта алам.

Ар бир адамда кыял, алдыга койгон максаты жана ал максаттарына жетүү үчүн күч-аракети болушу керек. Турмуштагы кыйынчылыктарга карабаста,н алдыга умтулушубуз керек. Бул мисалдарды келтиргенимдин себеби, мен өтө жөнөкөй үй-бүлөдө төрөлүп, таалим-тарбия алгам. Атам эрте кайтыш болгонуна байланыштуу апам байкем экөөбүздү жалгыз өстүрүп, ушул даражага жеткирди. Биз аябай кыйналып жашаган күндөрдө, колубузда эч нерсе жок болсо да, биздин кыялыбыз өтө бай болчу жана биз ошол кыялдар менен жашачубуз. Колубузда жок деп башыбызды жерге салбастан, билимге умтулуп, алдыга жакшы максаттарды коюп, аларга жетүүгө болгон аракетибизди жумшадык. Мектеп убагында да окуу менен коомдук иштерди бирге алып кетип, 2 жыл катары менен «Жылдын мыкты окуучусу» деген наам менен сыйланган учурларым да болгон. Мектепте ар кандай иш-чаралардын алып баруучусу болуп, 2 жыл катары менен райондук жаңы жылдык программалардын алып баруучусу болуп да көрдүм. Алып баруучулукка аябай кызыкчумун.

11- класста окуп жаткан учурумда мектептин президенти болуп окуучулук күндөрүмдү эсте каларлык аяктагам. Мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, кыялымдагы «Манас» университетине тапшырууга сапар тарткам. Бишкекке болгон биринчи сапарым аябай кызыктуу болгон. 11-классты аяктап жатып классташтарыбыз менен таңды тоскондон кийин эле дароо эрте менен Бишкекке сапар тартып кеткем. Борборго эс тартканы биринчи жолу бараткам. Колумда бир кичинекей пакет, анын ичинде 3-4 эле кийим менен шаарга баргам. Ал убакта коркуу деген сезим жок экен. Бир гана максатым окууга тапшыруу болгондуктан, эч нерседен корккон эмес элем.

Университеттен аябай жакшы күндөрдү өткөрдүм десем болот. Биринчи жылдары «Ойлоншоу» интеллектуалдык клубунда иштедим. Ошол эле учурда маданият комитетинде да иштеп, жакшы иштерди аткардык. Студенттик кеңештин ар бир иш-чарасына жардам берип, өзүмө жакшы тажырыйба топтодум. Таанытуу комитетинде да иштеп, азыркы учурга чейин бул команда менен иштеп келебиз. 4 жыл катары менен Студенттик кенеште иштеп жүрүп, 2017-2018-окуу жылында анын төрайымы болуп шайланып, 1 жыл бою кызматыбызды аткардык. Бул жылы команда менен жакшы ийгиликтерге жетиштик. Азыркы тапта «Manas FM» радиосунун «Студенттик кенеш» программасында иш алып баруудамын. Бул жылы бүтүрүүчү болгонума караьбай, бардык иштерге жетишкенге аракет кылдым. Адамды адам кылган — бул билим жана талыкпаган эмгек деп ойлойм», - деп айтып берди Алина.

Алина үй-бүлөдө 2 бир туугандын кичүүсү.

Жазган: Түркиядагы Кастамону университетинин 2-курсунун студенти НАРГИДА МАЛИКОВА.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up