Бишкекте студенттен пара алууга шектелип кармалган профессор кызматтан четтетилди

Бишкекте студенттен пара алууга шектелип кармалган профессор кызматтан четтетилди

Билим АКИpress - И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен 7-июнда Билим АКИpress сайтына студенттен пара алууга шектелип кармалган профессор тууралуу айтып беришти.

ЖОЖдун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, 65 жаштагы экономика илимдеринин доктору, инженердик-экономикалык факультетинин экономика жана финансы кафедрасынын башчысы Д.К. Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде экинчи жыл иштеп жатат.

«Башында ал кафедра башчысынын милдетин аткаруучу болчу, сынакка катышып, жеңип алган жана буйрук менен 5 жылга кафедра жетекчиси болуп бекитилген. Мурдараак шектүү Чүй университетинин Социалдык өнүктүрүү институтунда иштечү», - деп айтып беришти университеттен.

Учурда профессор тергөө мөөнөтү үчүн кызматынан четтетилди.

ЖОЖдон билдиришкендей, Д.К. КМТУда иштеп жүргөндө ага карата эч кандай даттанууларга болгон эмес, анын аты студенттердин «ишеним кутучасына» түшкөн арыздарында жана окуу жайдын администрациясы студенттер арасында жүргүзгөн анонимдүү анкеталарда көрүнчү эмес. ЖОЖдун кадрлар бөлүмүнүн маалыматы боюнча, илимдердин доктору сөгүш алып да көргөн эмес.

7-июнь күнү Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматы 4-июнда кафедра башчысы пара алып жактанда кармалганын маалымдаган. Ага карата арызды финполицияга студент жазган. Ал дипломдук иш даярдоо үчүн профессор 20 миң сом талап кылганын жана макул болбогон учурда кийинки маселелердин жаралышын ишарат кылганын айткан.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренеси (кызматчылар тарабынан мыйзамсыз түрдө сыйлык алуу) менен кылмыш иши козголду.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up