Кыргыз Республикасы менен Тынчтык Корпусунун кызматташтыгына 25 жыл толду

Кыргыз Республикасы менен Тынчтык Корпусунун кызматташтыгына 25 жыл толду

Билим АКИpress - Кыргызстан менен Тынчтык Корпусунун кызматташтыгына бүгүн, 8-июнда 25 жыл ьолду.

Мындан так 25 жыл мурун, 1993-жылдын 8-июнунда биринчи жолу Тынчтык Корпусунун 20 ыктыярчы тобу Кыргызстанга тынчтык, достук жана өнүктүрүү миссиясы менен келген. Андан бери Тынчтык Корпусунун 1 миң 100дөн ашуун ыктыярчылар жүз миңдеген адамдарга англис тилин үйрөнүүгө, башкаруучулук жана лидерлик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө, коомдоштуктарды өнүктүрүү боюнча долбоорлорго катышууга жана дени сак жашоо мүнөзүн киргизүүгө жардам беришкен. Алар мугалимдерди окутуунун алдыңкы методдоруна, долбоорлорду пландаштыруу жана аткаруу көндүмдөрүнө, лидерликке, компьютердик сабаттуулукка, интернет-технологияларга окутуп, сын ой жүгүртүүнү жана гендердик билим берүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшүү менен коомдун катышуусун чыңдоого жардам беришти.

Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары жергиликтүү жашоочулар менен бирге иштеп жана жашоо менен өздөрүн катардагы жарандарды өнүктүрүүгө арнашат. Алар окутуучулар, бизнес-кеңешчилер, маалыматтык технологиялар тармагындагы кеңешчилер жана жаштарды өнүктүрүү боюнча адистер катары иштешет. Алар жергиликтүү маданиятка жуурулушат, ошондой эле жергиликтүү коомдоштуктар тарабынан демилгеленген өнүктүрүү боюнча долбоорлорго катышат. Бардык ыктыярчылар Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн чакыруусу боюнча иштешет жана кабыл алуучу уюмдар – азыркы убакта негизинен мектептер менен кызматташып иш алып барышат.

a43a155b8c6dc4dcbb0188bdcad8a43e_500_0_0

Азыркы учурда 70тен ашуун ыктыярчылар өлкөнүн бардык жерлеринде өз кесиптештери менен чогуу иштеп жатышат жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине туруктуу өнүгүүнүн төртүнчү максатына – «бардыгын камтыган, адилеттүү сапаттуу билим берүү жана бүткүл жашоосунда окуп-үйрөнүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүнү камсыз кылууга» жетишүүгө көмөк көрсөтүшөт. Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары методиканы жакшыртуу жана окутуунун натыйжалуу методдору жөнүндө маалымат алмашууга көмөк көрсөтүү максатында окутуучулар жана окутуучу-тренерлер катары эмгектенишет; окуу жайларда окутуу ресурстук борборлорун түзүүгө же кеңейтүүгө жардам көрсөтүшөт, окуу программаларын жана инновациялык усулдук материалдарды иштеп чыгууга шарт түзүшөт.

«Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары негизинен аласкы айыл жерлеринде эмгектенишет. Окуучуларга англис тилин үйрөтүү менен бирге алар 21-кылымдын ыкмаларын жана стандарттарын, кесиптик жашоосунда маалымат технологияларын интеграциялоо менен мугалимдердин потенциалдарын жогорулатышат. Бүгүн кызматташтыгыбызга чейрек кылым болуп, биз, баарыбыз Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусунун ыктыярчылары жана кызматкерлери ушундай бай маданияты бар керемет өлкөнүн ийгиликтерине, өзүнүн жарандары үчүн мыкты келечекти курууга умтулуусуна аз да болсо салым кошуп жатканыбызга сыймыктанабыз», - деди Кыргыз Республикасындагы Тынчтык Корпусунун директору Роберт Гловер.

Кошумча маалымат: Тынчтык Корпусу саясий жана диний эмес көз карандысыз АКШ өкмөтүнүн федералдык агенттиги болуп саналат. Бул уюм окутулган кызматкерлерге муктаж болгон өлкөлөргө жардам берүү максатында америкалык ыктыярчыларды жөнөтөт. Тынчтык Корпусу 1961-жылы президент Джон Ф.Кеннеди тарабынан расмий түрдө бүткүл дүйнөдөгү тынчтыкты жана өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди колдоо үчүн уюштурулган жана бул миссия азыркы күнгө чейин өзгөрүлгөн жок.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up