«Манас» университетинин студенти Салидинас клип тартып, ырларын тартуулайт (фото, видео)

«Манас» университетинин студенти Салидинас клип тартып, ырларын тартуулайт (фото, видео)

Билим АКИpress үлгүлүү, өнөрлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — алайлык Диана Салиева. Ал учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Көркөм өнөр факультетинин студенти. Кайрымдуулук концерттерине барып ырдап, Салидинас деген ысым менен чыгармачылыкка жаңыдан кадам таштап жаткан кези.

«Мен 1998-жылы Бишкек шаарында төрөлгөм. Өзүм Ош облусунун Алай районунун кызы болом. Билим сапарым борбор калаабыз Бишкек шаарындагы №64 мектепте башталды. Аталган мектепти 2016-жылы ийгиликтүү аяктап, өзүм каалап жүргөн Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Көркөм өнөр факультетинин музыкант педагог бөлүмүнө тапшырдым. Бул бөлүмдү өз каалоом менен тандадым жана сыймыктануу менен окуйм. Ырчы болуу балалык кыялым эле.

2-класстан баштап кошумча музыкалык мектепке барып, фортепиано боюнча сабак алчумун. Кийин «Ак шоола» балдар хорунда тарбияландым. Алгачкы чоң сахнага дал ошол «Ак шоола» балдар хорунда ырдап жүргөндө чыккам. Абдан толкунданып, сүрдөгөнүм эсимде. Бирок тартынбаган мүнөзүм жардамга келди десем болот. Анан, албетте, биздин жетекчи мугалимибиз Гүлмира Эсенгулова эже көп жардам берип, толкундануумду жоюп, ишеним берген эле. Аталган хор менен көптөгөн ыр сынактарга дагы катыштык. Түркмения, Белоруссия, Түркия сыяктуу мамлекеттерге барып, байгелүү орундарды алып келгенбиз. Андан кийин да көптөгөн чоң сахналарга чыгып жүрдүм.

Учурда ар түрдүү кайрымдуулук концерттерине да барып ырдап турам. Негизи эле өзүмдү ар тараптан көргүм келет. Бир нерсе менен чектелип калууну каалабайм. Алдыңкы күндөрдө ыр жаздырып, клип тарттыруу тууралуу ойлорум бар. Бирок азыр «ковёр» (cover) багыты боюнча жандуу үн менен ырдоо — биринчи максатым.

Мындан сырткары, мен учурда элге Диана эмес, Салидинас деген ысым менен ырдап чыгуудамын. Салидинас деп чыгып калуума «Салам, Нью-Йорк!» фильминин режиссёру себепчи болгон. Ал «сен сахнага чыккың келсе, өзгөчө болуп, мисалы, Салиева Диана дегенди кыскартып, Салидина болсоң болот» деген. Бирок мен өзум кийин Салидинас кылып, бириктирип чыгуудамын. Дал ушул Салидинас деген ысым менен кыргыз элин дүйнөгө тааныткан, кыргыз элине керегим тийген кыздардан болсом экен деп тилек кылам. Ал үчүн болгон күчүмдү, аракетимди сарптайм», - дейт Диана.

Салидинас үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу.

Жазган: Түркиядагы Кастамону университетинин 2-курсунун студенти НАРГИДА МАЛИКОВА.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up