11-классында белгилүү ырчылардын клибине тартылгандан кийин Гүлшанага коңшу өлкөлөрдөн сунуштар түшкөн (фото)

Жаңылыктар | 16:27, 11-июнь 2018 | Жаңыртылган 16:26, 15 июнь 2018 | 5 128
11-классында белгилүү ырчылардын клибине тартылгандан кийин Гүлшанага коңшу өлкөлөрдөн сунуштар түшкөн (фото)

Билим АКИpress үлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Кыргыз улуттук университетинин 1-курсунун студенти Абдуразакова Гүлшана Ганижановна. Учурда журналистика факультетинде билим алып жаткан студент жарнамалык сүрөттөргө, клипке тартылуу боюнча сунуштарды алып турат. Ал келечектеги пландары жана ийгиликтери тууралуу айтып берди.

«Мен 2000-жылы Ош шаарында туулгам. Бирок шартка байланыштуу Бишкек шаарында өскөм. Билим сапарым «Эврика» мектебинде башталган. Аталган мектепти 2017-жылы аяктадым. Окууну аяктаган соң Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетине келип, учурда 1-курсту аяктадым.

Мен өзүмдү шоу чөйрөсүндө жүргөнүмдү элестетчүмүн, анткени кичинекей кезимде эле камерага жакын болуп чоңойдум. 9-класста окуп жүргөндө эле көптөгөн клиптерге, жарнамаларга сунуштар түшкөн. Бирок кичинекей болгонума байланыштуу баш тарткам. Алгачкы жолу клипке 11-класста тартылдым. Ал Данияр Эрматов менен Азамат Шералиевдин «Эңсөө бийлеп» деген ырынын клиби эле. Аталган клипке инстаграм аркылуу сунуш түштү. Мен көпкө ойлондум, себеби ата-энем каршы болчу. Бирок эч кимге айтпай бул клипке тартылууга макулдугумду бергем.

Клип 3 күндө тартылып, мен үчүн эч кандай кыйынчылык жараткан жок. Анткени камеранын алдында өзүмдү эркин сезе алам. Клип чыкканга чейин ата-энеме айтпай, чыккандан кийин гана сюрприз кылып көргөздүм. Ата-энеме, туугандарымдын баарына жаккан. Дал ошол клип чыккандан кийин мурдагыга салыштырмалуу сунуштар эки эсе көбөйдү. Өзбекстандан жана Казакстандан дагы сунуштар түштү жана азыркы күнгө чейин түшүүдө. Бирок баш тартууга туура келип жатат.

Шоу-бизнеске аралашкандан кийин сөз көтөргөндү да билиш керек. А мен өзүмдү журналистика тармагында көргүм келет. Бирок шоу-бизнеске аралашканыма өкүнбөйм, себеби көптөгөн жакшы адамдарга жолуктум. Ошентсе да өзүмдү актриса катары да, модель катары да көрө албайм, мен үчүн бул хобби деп айта алам. Канча бир убакка чейин кызыгып, аралашышым мүмкүн», - деди ал.

Гүлшананы учурда ар түрдүү жарнамалык фотосессиялардан да көрүүгө болот.

«Моделмин деп айтуу туура эмес болуп калчудай, себеби учурда курбуларымдын, жакын тааныштарымдын дүкөндөрүнө гана жарнамалык сүрөттөргө түшүп турам. Бул тармактан акча табуу максатым эмес. Келечекте сунуш түшсө кино жаатына да аралашсам дейм. Мындан сырткары, алып баруучулук менен алектенип, «Замана», «Таң шоола» сыяктуу телеберүүлөрдү алып баргым келет.

Үй-бүлөмдө бул тармакка кызыккан эч ким жок, ошол себептен баары каршы болушкан. Ата-энем мендеги өжөрлүктү, аракетти көрүп, учурда каршы болбой калышты», - деп айтып берди Гүлшана.

Үй-бүлөдө ал 2 бир туугандын кичүүсү.

Жазган: Түркиядагы Кастамону университетинин 2-курсунун студенти НАРГИДА МАЛИКОВА.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up