«Манастын жылдызы» аталган студент Бексултан Алимбеков учурда жеке ырчы (фото, видео)

«Манастын жылдызы» аталган студент Бексултан Алимбеков учурда жеке ырчы (фото, видео)

Билим АКИpress үлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — жеке ырчы Бексултан Алимбеков. Ал учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 3-курсун аяктады. Бексултан өзү тууралуу, билим жолу жана ийгиликтерге кантип жеткендиги жөнүндө Билим АКИpress сайтына айтып берди.

«Мен 1995-жылы ордолуу Ош шаарынын Кара-Суу районуна караштуу Тельман деген куттуу айылда туулгам. Кичинемден мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулуп-өскөндүгүм үчүн чыныгы педагогдордун тарбиясын алдым.

Бала кезимде таенем менен апам ар түрдүү жомокторду айтып уктатар эле. Анын кийинки алдыдагы келечегим, көркөм жан дүйнөм үчүн болгон таасирин эми түшүнүп жатам. 2002-жылы №49 Эрнист Тельман атындагы орто мектебине кадам таштадым. Ошондогу жадыраган нур жүздүү Гүлбайра Уктамова деген менин алгачкы мугалимим дале эсимде. Эч кандай чиймелерсиз ак барактай болуп барып билим алууну катардагы окуучулардай улантып жаттым. Бала чакта өтө шоктонуп оюмду, реакциямды сыртка кенен-кесир чыгарчу эмесмин. Себеби мен окуган мектепте үй-бүлөмдөн 2 мугалим иштешү. Бири таенем — Эл агартуунун отличниги, кыргыз тили жана адабияты мугалими Рабы Камытова, ал эми апам да кыргыз тили сабагынан билим берген мыкты педагог болчу. Мындан улам өзүмдү түз тарбиялуу бала катары, мугалимдин тарбиясын бир гана мектепте эмес, үйдө дагы, башкача айтканда, 24 саат мугалимдин тарбиясын алган окуучу катары өзүмдүн өзгөчөлүгүмдү көрсөтүп, айланага үлгү болуум керектигин жакшы сезер элем. Менин кандайдыр бир шоктугум, бейбаштыгым, кылган акылсыздыгым үчүн апамдын эл алдында сөз угуусун каалабайт элем. Алтын апакемдин башын жер каратып коюшум мүмкүн деген ойду бекем карманганым азыр да эсимде.

Менин «музыка угуу» сезимим кулак эмес, жүрөктүн кулагы аркылуу чоң күч менен ойгонду. Көп ырчылардан сурап калсак, алар кичинесинен ырдап баштаганын айтышат, менде болсо өткөөл курактан соң башталды. Дароо өзүмдү көрсөтүү үчүн эл алдына ырдап чыккан жокмун. Сахнанын чоң жоопкерчилиги мени өз алдымча такшалтып, андан соң өзүнө чакырды. Ар түрдүү сынактарга катышып, жаңы изденүүлөрдүн натыйжасында идеяларды ишке ашырып, маданий иш-чараларга активдүү катышып, талпынып баштадым. Алгач мектептеги алтын эжейлериме, жакын досторума ырдадым. Алгачкы бааны, пикирди, алкоону ошол жакындар айтты. Мындан сырткары, мектептеги активдүүлүгүм үчүн түрдүү грамоталар, мектептер аралык олимпиадалардан алган сыйлоо баракчалары көздү кубантып, жеке архивте өткөн күндөрдү эске салып турат. Ушундай ийгиликтер коштогон күндөрдүн арасында үй-бүлөмдөгү тагдырдын сыноолору, жашоонун кыйынчылыктары мени эрте курчутуп, жашоого эрте жетилүүмө шарт түзүп койду. Бактылуу балалыкта жанымда болгон алтын адамдар түрдүү себептер менен сыркоолоп, жараткан мага чоң сыноолорду берди.

2013-жылы орто мектепти аяктагандан соң Ош мамлекеттик университетинин тарых факультетине бюджеттик негиз менен окууга кабыл алынгам. Мыкты окуу жай, мыкты мугалимдер болчу, бирок менин жан дүйнөм музыка деп туруп алгандыктан, бул жогорку окуу жайда көпкө окуган жокмун. Баары бир кыялдын күчү, жаштыктын энергиясы таптакыр башка жакка тартып туруп алды. Андан соң борбор калаабызга жумуштар менен келип калып, талантымды Чолпон деген эже байкап, өнөрүмдү өркүндөтүү керектигин баса белгилеп айтып калды. Максат дароо өзү жол көрсөттүбү же жараткандын мага белегиби, айтор, кыргыз шоу-бизесине чоң салымын кошкон ырчыларды тарбиялап чыгарган чыгаан продюсер Канат Култаевдин «Шоу-бизнес мектеби» аттуу долбоорунда окуп калдым. Мына ушул жерден эл адамдары, КРнын эмгек сиңирген артисти Асел Турдалиева, Гүлзинат Суранчиева өңдүү чыгармачыл адамардын сабагы, алардын кеңеши менен, алардын мага берген тарбиясы музыка дүйнөсүн даана таануум үчүн ачкыч болуп берди.

2014-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетиндеги көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнө тапшырдым. Азыр 3-курсту аяктап турган учурум. Көптөгөн улуу устаттардын мага берген билими ийгиликтерге жетүүмө себепчи болду. Алсак, 2014-жылы окуу жайда өткөн «Манас жылдызы» сынагында 1-орунду, 2015-жылы Бишкек шаарында өткөн «Алтын микрофон» сынагында лауреат, «Кыргызстан таланты - 2015» республикалык сынактан бир топ грамота жана диплом, «Кара-Суу таланттары» райондук сынагында мыкты катышуучу, Ысык-Көл облусунда өткөн «Достук шаңы - 2016» республикалык сынагында 2-орунду алгам. Ушул сыяктуу жетишкендиктер мага дайыма күч тартуулап турат.

Мен жалаң гана кароо-сынактар менен чектелбестен, алгачкы жаңы чыгармаларды жаздырып, аз да болсо угармандардын алкышына арзыганыма өзүмдү бактылуу сезем. Себеби мен үчүн элге кызмат кылуудан ашкан бакыт болушу мүмкүн эмес. 2016-жылы 14-сентябрда (туулган күнүм болчу) алгачкы «Аядыңбы» аттуу чыгармага клип тарттырып, окуу жайыма прзентациялаганым эч эсимден кетпейт. Эң кызыгы, угармандар залга батпай, башталарына аз убакыт калганда сахна көшөгөсү техникалык себептерден улам кайра ачылбай калган. Башталчу убактысынан 1-2 саат кечиксе дагы элдин кетпей турганы көзүмө жаш алдырып, сахна артында ыйлаткан (күлүп).

Маданияттын жаштар арасында өнүгүүсүнө аз дагы болсо салымымды кошуу максатында «Манас» университетиндеги даярдоо курстарында окуп жаткан таланттуу студенттер арасында өтүүчү «Манас үнү - 2017» эстрадалык сынагынын долбоорун иштеп чыкканбыз. Студенттик кеңештин башкармалыгынын башчысы Залкар Аманов, «Info Group» компаниясынын директору Адилет Кадыракуновдун демөөрчүлүгү менен 2017-жылы 9-февралда бул долбоор мыкты иштелип чыккан.

2017-жылы мен үчүн 3 мыкты жаңылык болуп өттү. Биринчиси — «Манас үнү - 2017» сынагы, экинчиси — өзүмдүн «Ыйыгым» аттуу жеке шоу концертимди көрүүчүлөргө тартуулаганым. Ал эми үчүнчүсү болсо Түркия мамлекетинин Анталия шаарында көркөм өнөр факультетинин жалпы таланттары менен бирге койгон «Кыргыз маданият кечеси» концерти болду. Бул концерт менин алгачкы чет жактагы эмгегим жана алгачкы режиссерлук ишим болуп эсимде калды.

Байкап көрсөм, сөз менен айтылганда адамдын элеси таттуу кинодой тартылып калат. Ал эми ар бир ийгиликтин жаралуусу үчүн алгач билим, ал эми билим алуу үчүн ар ким ар кандай кыйынчылыкты талап кылары анык. «Студент» деген доордо көп кыйынчылык болду деп айтууга оозум барбайт, себеби жаштыктагы сыноо, оор учурлар салкын соккон желдей эле өтүп кетерин унтупашыбыз керек. Мен дал ошондой ойду карманып иштедим.

Ийгиликтерге жеткенге чейин, алгач ар түрдүү кафелерде официант, ашпозчу жардамчысы болуп иштеп, пол дагы жууп көрдүм. Бирок мунун баары кыйынчылык эмес, мен үчүн жагымдуу элестер болуп калды. Эч бир адам тоскоолдуксуз жеңишке жетпейт деген ойдомун. Оор учурларда бир саамга көзүмдү жумуп туруп, кайра ийгиликтерге умтула берем.

Кыялдардын бар болгону эң сонун, бирок алардын максаттарга, андан соң материалдашуу процессине өтпөй калуусу өтө коркунучтуу. Ошондуктан мен ошол коркуудан коркуу менен кыялдарга талпынып пайдалуу иштерди жасай берем деген ниеттимин. Чет жакка окуганы чыксам да тажрыйба алмашуу, өзүмдү өнүктүрүү үчүн алып келген тажрыйба менен өлкөмө салымымды кошсом дейм. Кыялым, планым, максатым — кыргыз маданиятына, кыргыз шоу-бизнесине өз салымымды кошуу. Гүлдөгөн мамлекет болуубуз үчүн гүлдөгөн маданиятты күтө билүүбүз алга карай кетүүбүзгө чоң өбөлгө берет», - деп айтып берди Бексултан Алимбеков.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up