Талас мамлекеттик университетинде «Ак жол сага бүтүрүүчү - 2018» кечеси өттү

Билим АКИpress - 12-июнь күнү Талас мамлекеттик университетинин астындагы кесиптик орто билим берүү мекемесинде «Ак жол сага бүтүрүүчү - 2018» кечеси болуп өттү.

Аталган окуу жайдын директору Каныбек Шамуратовдун айтымында, окуу жай 2009-2010-окуу жылына карата ачылган. Быйыл 9-чу окуу жылы бүтүп жатат. «Бүгүн 6 адистик боюнча 132 окуучу бүтүрүп жатат. Азыр болсо мамлекеттик сынактарды толугу менен тапшырып бүтүштү. Бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, тилектерди айтып узатып жатабыз», - деди ал.

Ийгиликтүү аяктаган студенттерге колледж тарабынан громаталар тапшырылды. Кеченин аягында концерттик программа тартууланды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up