Нарындын Ө.Токтосунов мектебиндеги жайкы лагерде 40 окуучу эс алууда (фото)

Билим АКИpress - Нарын районуна караштуу Дөбөлү айылынын Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде 5-июндан 20-июнга чейин мектеп алдындагы «Нур» жайкы лагери иштеп баштады. Лагерге 1-6-класстын 40 окуучусу тартылган.

Иш-чаранын максаты — балдардын жайкы эс алуусун пайдалуу өткөрүү. Тарбиячылар окуучуларга күн сайын 4 саат убакыттын ичинде ар кандай программадагы оюн-зоок, улуттук спорттук оюндарды уюштурушуп, мастер класстарды-көрсөтүшөт», - деди мектеп директору Назгүл Кадырова.

Балдар үчүн күн сайын бир маал ысык тамак берилет. Ошондой эле алар мектептин айланасын жашылдандыруу иштерине кол кабыш кылып, гүлдөрдү, бак-дарактарды сугаруу иштерине жардам көрсөтүшөт.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Видеоматериалдар
×

up