Кочкордогу мектепте профессор Т.Токоев атындагы кабинет ачылды (фото)

Кочкордогу мектепте профессор Т.Токоев атындагы кабинет ачылды (фото)

Билим АКИpress - Кочкордогу мектепте филология илимдеринин доктору, профессор Таалайбек Токоев атындагы кабинеттин ачылыш аземи болуп өттү.

Кочкор районундагы Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин кыргыз тили кабинетине кыргыз тили илимине бараандуу салым кошкон филология илиминин доктору, профессор Токоев Таалайбек Токсоновичтин ысмы берилди. Иш-чарага анын жубайы, балдары, аны менен бирге иштеген адамдар, мектеп жамааты катышты.

Т.Токоевдин ысымы берилген кабинетке анын үй-бүлөсү илимдер акедемиясынан чыгарылган китептерди, эмгектерин, документтерин коюп, маркердүү доска тапшырышты. Мектепте жакшы окуган 3 окуучуга белек беришти. Мындан ары жыл сайын жакшы окуган окуучуларга Таалайбек Токоев атындагы стипендия берилип турмакчы.

Маалымдама: Токоев Таалайбек Токтосунович 1956-жылы Нарын облусуна караштуу Кочкор районундагы Жаңы-Жол айылында туулган. 1974-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун Кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн. 1979-80-жылдары Нарын областтык «Нарын правдасы» газетасында адабий кызматкер, 1980-1989-жылдары Кыргыз ССРинин Илимдер академиясынын Тил жана адабият институтунун кыргыз тили секторунда кенже илимий кызматкер, 1989-1994-жылдары КМУда окутуучу, ага окутуучу болуп эмгектенген.

1994-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигиндеги Бишкек жогорку мектебинин тил даярдыгы кафедрасынын доценти, 1998-2000-жылдары КУУнун Кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз тили илиминин кафедрасынын доценти, профессору, докторанты болгон. 2007-жылы филология илимдеринин доктору, профессор, М.Кашгари атындагы Чыгыш Кувейт университетинин профессору болгон.

Ага таандык 3 миңдей кыргыз тили менен адабиятына, тил илимине, орус жана дүйнө тилдерине байланыштуу эмгектер бар. Негизги эмгектери: «Экспрессивдик конструкцияларды бири-биринен айырмалоо», «Тил жана сүйлөшүү проблемасы», «Сүйлөшүүдөгү сегментация кубулушу жана атама фразалар», «Позициялык-лексикалык кайталоонун синтаксистик-стилистикалык өзгөчөлүктөрү», «Апозиопезис (Кесинди конструкциялар)», «Кыргыз тилиндеги парцелляция кубулушу», «Кыргыз тилиндеги синтаксистик конструкциялар».

Ошондой эле 50дөй макала түрүндөгү эмгеги жарык көргөн. Алар азыр кыргыз тилинин грамматикасына (айрыкча синтаксисине, кыргыз жазуусунун тарыхына) арналган. Токоевдин жетекчилиги астында 7 кандидаттык диссертация корголгон. Азыр БГУнун кыргыз тили кафедрасынын башчысы болуп иштейт.

Таалайбек Токоев КРнын Билим берүү министрлигинин, КУУнун, ИИМдин БЖОЖнын, Кувейт университетинин Ардак грамоталары, «КР билим берүүнүн отличниги» (2005-ж.) төш белгиси менен сыйланган. 2017-жылдын 30-сентябрь күнү 61 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up