Кыргызстанда 2260 мектеп бар, алардын ичинен 50%ы гана спорт залга ээ, - премьер-министр

Кыргызстанда 2260 мектеп бар, алардын ичинен 50%ы гана спорт залга ээ, - премьер-министр

Билим АКИpress - Депутат Бакирдин Субанбеков («Бир Бол») 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттөн спортко жана калкты сергек жашоо образына тартууга көбүрөөк көңүл бурууну суранды.

Жаштар саясаты, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов кыргыз спортчуларынын жетишкендиктери тууралуу айтып берди.

Өз кезегинде премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстанда 2260 мектеп бар экенин, бирок алардын жарымында спорт залы жоктугун айтты.

«Дээрлик 1000 мектеп спорт залы жок иштейт, тактап айтканда, дээрлик жарымында жок. Спорт залдардын курулушуна инфестиция тартуу зарыл», - деди өкмөт башчы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up