Билим берүү министирлигинде реформа жүрбөй жатат, деп эсептейт депутат

Билим берүү министирлигинде реформа жүрбөй жатат, деп эсептейт депутат

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлигинде реформа жок, деген пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Евгения Строкова (КСДП) айтты. Ал ведомствонун иши тууралуу пикирин, бүгүн, 14-июнда парламенттин жыйынында билдирди.

«Менде Билим берүү министрлиги, тактап айтканда, «оңбогон министрлик» боюнча суроо бар», - деп баштады өз сөзүн Е.Строкова. Анын ою боюнча, аталган министрликте реформа жылмак тургай, ал такыр эле жок.

«Министрлик тарабынан дайыма тажрыйба алынып турат. Министр бүгүнкү күндө да Европа өлкөлөрүнөн тажрыйба алып жатат окшойт. Министрликтин өзүндө жакшы адистерди басып түшүрүү жүрүп, алардын ордуна жөн эле баш ийгендер алынууда. Окуу китептеринде саясат жок, ар кандай айланма жолдор ойлонуп табылууда», - деп билдирди ал.

«Кадр саясаты баарын чечип, ал эми Билим берүү министрлигинин кадрлары начар. Бул маселени тездетип, чара көрүү керек, жаңылануулар керек», - деп чакырык таштады депутат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up