119,4 — жалпы республикалык тестирлөөдөгү орточо упай

119,4 — жалпы республикалык тестирлөөдөгү орточо упай

Билим АКИpress - Билим берүү жана илим министрлиги жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгын жарыялады. Бул тууралуу 14-июнда ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.

Анын маалыматына караганда, республика боюнча ЖРТнын негизги тестин 45 607 адам тапшырды. Алардын ичинен 29 049 адам кыргыз тилинде, 16 558 адам орус тилинде тапшырды. Тарых сабагынан 24 963 адам, биологиядан 14 309, химиядан 10 922, математикадан 10 624, англис тилинен 9 674, физикадан 5 541 адам тест берди.

2018-жылы ЖРТнын катышуучуларынын орточо упайы 119,4 упайга чейин көтөрүлдү (2017-жылы – 117,8 упай). 110дон жогорку упайларды алып, ЖОЖдорго тапшыруучу сынактарга жолдомо алган абитуриенттердин саны 26 180 адамды же тесттин катышуучуларынын 57%ын түздү.

ЖРТ жөнүндө жобого жана тендердин жыйынтыгына ылайык, тестирлөөнү жүргүзүү үчүн көз карандысыз тестирлөө кызматы катары Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору аныкталган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up