ЖРТ-2018: Кадамжайлык бүтүрүүчү Миңтемир Курбаналиев алтын сертификатка ээ болду (фото)

ЖРТ-2018: Кадамжайлык бүтүрүүчү Миңтемир Курбаналиев алтын сертификатка ээ болду (фото)

Билим АКИpress - Кадамжайдагы лицейдин бүтүрүүчүсү Миңтемир Курбаналиев жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упай топтоп (220 упай), алтын сертификатка ээ болду. Бул тууралуу аталган лицейден билдиришти.

Миңтемир буга чейин кыргыз тили жана адабияты сабагынан предметтик олимпиадага катышкан. Ал 7-класска чейин Баткен областынын Апкан айылындагы Аскар Жоробаев атындагы орто мектебинен билим алган.

Алтын сертификат ээси жөнөкөй үй-бүлөдө тарбияланган, 5 бир туугандын эң кичүүсү. Ата-энеси азыркы учурда пенсияда.

Миңтемир жогорку окуу жайлардын бирине тапшырып, мындан ары да ийгиликтерди багындырууну максат кылат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up