Алтынай Канжарбек кызы — Чаткалда артыкчылык аттестат алган жалгыз бүтүрүүчү (фото)

Алтынай Канжарбек кызы — Чаткалда артыкчылык аттестат алган жалгыз бүтүрүүчү (фото)

Билим АКИpress - Бул жылы Чаткал районундагы орто мектептердин 11-класстагы бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен жалгыз окуучу артыкчылык аттестатка ээ болду. Райондук мамлекеттик администрациянын маалыматы боюнча, сынак тапшырган 5 талапкердин арасынан С.Байдөөлөтов атандагы орто мектептин окуучусу Алтынай Канжарбек кызы гана «Алтын тамга» аттестатына татыктуу деп табылган.

Ал эми Алтынай келечектеги кесибин да тандап койду.

«Мен математика жана аңглис тили сабактарына абдан кызыгам. Математика боюнча атайын олимпиадаларга дагы катышып жүрдүм. Учурда аңглис тилинде эркин сүйлөйм. Келечекте бизнес башкаруу адистиги боюнча жогорку билим алсам деп кыялданып жатам», - деди Алтынай.

Чаткал районунда жалпы 19 мектеп бар. Быйыл ал мектептерде 11-классты 257 окуучу аяктады.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up