ЖРТ-2018: Ат-башылык 3 окуучу алтын сертификатка ээ болушту

Билим АКИpress - Ат-Башы районунун 3 бүтүрүүчүсү жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен жогорку упай топтошуп, алтын сертификатка ээ болушту. Бул тууралуу Ат-Башы райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дүйшөнбек Дөөткулов билдирди.

Кызыл-Туу айылынын К.Керималиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Ай-Назик Коногалиева (220 упай), Кара-Суу айылынын К.Карпеков атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Мырзайым Темирбекова (221 упай) жана Ача-Кайыңды айылынын «Ой-Терскен» орто мектебинин бүтүрүүчүсү Толкун Жеткинбекова (224 упай) жогорку упай топтогон алдыңкы окуучулардын катарын толукташты. Эми алар өлкө президенти тарабынан алтын сертификат менен сыйланып, Кыргызстандагы каалаган жогорку окуу жайдын бюджеттик бөлүмдөрүнө тапшыра алышыт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up