9-классты Россиядан артыкчылык күбөлүгү менен аяктаган Мырзагүл алтын сертификаттын ээси болду (фото)

9-классты Россиядан артыкчылык күбөлүгү менен аяктаган Мырзагүл алтын сертификаттын ээси болду (фото)

Билим АКИpress - Ош шаарынан алтын сертификатка ээ болгон М.Ломоносов атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Мырзагүл Алмазбек кызы 9-классты Россиядан артыкчылык күбөлүгү менен аяктаган. Мырзагүл жалпы республикалык тестирлөөдө 219 упай топтоп, алдыңкы 50 окуучунун катарына кошулду.

«Мен жалпы республикалык тестирлөөгө 5 ай даярдандым. Буга чейин Россияда окугандыктан, ЖРТны билчү эмесмин. Мага мугалим эжекелерим көп колдоо көрсөтүп, жогорку упай ала алдым. Жакшы упай алуу үчүн бүт күчүмдү окууга жумшадым. Буга чейин орус тили, математика, англис тили сабактарынан олимпиадаларга катышып келгем. Окуудан сырткары, Айгүл Жумабаева деген эжекем да кошумча сабак берип, жалпы республикалык тестирлөөгө орус тилинен даярдады. Мен бардык мугалимдерге ыраазычылык билдирем», - деди ал.

Мырзагүлдүн ата-энеси Россияда эмгектенишет. Ал апасынын жолун жолдоп, Бишкек шаарындагы медициналык академияга тапшырууну көздөп жатат.
«Мен 8-9-10-классты Россиядагы Коробовский лицейинде окуп, 9-классты артыкчылык күбөлүгү менен аяктадым. Ал эми М.Ломоносов мектебинде башталгыч классты окуп кеткем. 5-8-класска чейин «Олимп» мектебинде окудум. 11-класстан тартып кайрадан М.Ломоносов орто мектебинде окуй баштадым. Келечекте апамдын жолун жолдоп, дарыгер болсом деген ниетим бар. Быйыл Бишкектеги медициналык академияга тапшырам. Апам Россияда дарыгер, атам ашпозчу болуп эмгектенет», - деп айтып берди ал.

Мырзагүл үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу. Ал быйыл мектебинен «Алтын тамга» аттестатына талапкер катары көрсөтүлгөн.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up