Кыргыз илимдер академиясы менен Монголия илимдер академиясы кызматташат

Кыргыз илимдер академиясы менен Монголия илимдер академиясы кызматташат

Билим АКИpress - Кечээ, 20-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев Монголия илимдер академиясынын президенти баш болгон Рэдгел Дугер делегациясын кабыл алды.

Жолугушуунун алкагында эки тараптуу илимий кызматташуу, тажрыйба алмашуу, жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо жана илимий мекемелер аралык кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. Академик Мурат Жуматаев илимдер академиянын биргелешип иштеше турган көп мүмкүнчүлүгүн айтып, УИАнын түзүмү, келечектеги пландары жөнүндө маалымат берип кетти.

Жолугушууда УИАнын Биотехнология институтунун директору, корреспондент-мүчө Асанкадыр Жунушев буга чейин Монголия илимдер академиясы менен айыл чарба тармагы, мал чарбачылыгы боюнча мекеме аралык кызматташуулар башталып, бирок колдоого алынбай калгандыгын белгилеп өттү.

«Мындан ары ошол аракеттерди жандандырып, айыл чарба тармагындагы илимий тажрыйбалар менен бөлүшсөк болот. Мисалы, тоо жандыгы болгон топоздордун өзүлөрүн алмаштыра албасак да, уруктарын алмашып, аргындаштыруу тажрыйбаларын байкап көрөлү. Андан сырткары, эки элди жакындаштырган жылкы бар. Бул маселенин дагы изилденбеген тараптарын биргелешип изилдесек болот», - деди ал.

Ал эми Монголия илимдер академиясынын президенти Рэдгел Дугер УИАга болгон расмий иш сапарынын негизги максаты эки тараптуу илимий кызматташуу экендигин билдирди.

«Жакынкы арада меморандум аркылуу кызматташууну жолго коёлу. Иштешүүнүн жолдорун тактап, кайсы тармактарда, илимдин кайсы багыттарында иш алып кетерибизди аныктайлы. Биргелешкен илимий иш-чараларды өткөрөлү», - деген оюн ортого салды ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up