«Эл агартуунун мыктысы»: Аксылык У.Токтосунов 40 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келет

«Эл агартуунун мыктысы»: Аксылык У.Токтосунов 40 жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келет

Аксы районунун Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия класстары бар жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими Усупбек Токтосунов 40 жылдан бери аталган мектепте үзүрүлүү эмгектенип келет. 1978-жылы Жалал-Абад шаарынын А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайын аяктагандан кийин, эмгек жолун аталган мектепте кол эмгек, чийүү сабактары боюнча мугалим болуп иштөөдөн баштайт.

Жаш мугалим өз кесибин мыкты өздөштүрүү менен жаш муундарга татыктуу тарбия берүүдө окутуп эле чектелбей, ошол мезгилде окуучулардан түзүлөн өндүрүштүк бригаданы жетектеп, колхоздун тоют камдоо процессине активдүү катышып, өзгөчөлөнгөн. Кийин Жалал-Абад мамлекеттик университетинин кыргыз тили жана адабияты факультетин сырттан окуп, аяктап, ошондон бери орус класстарына кыргыз тили жана адабияты сабагын окутуп келет.

Агайдын окуучулары предметтик райондук, областтык олимпиадаларда алдыңкы орундарды бербей келет. Мисалы, быйылкы окуу жылында У.Токтосунов окуткан 10-классынын окуучусу А.Эргешова областтык олимпиадада 1-орунду ээлеп, республикалык олимпиадага катышып келди.

Өз кесибинин мыкты устаты катары учурдагы мектеп мугалимдердин көйгөйлөрүн камтыган курч макалаларын, сабактардын иштелмелерин, өз калеминен жаралган ырларын, аңгемелерин республикалык, облустук басылмаларга байма-бай жарыялап турат. Агайдын демилгеси менен мектепте «Аксынын алп таланттарына» арналган каана жабдылган. Мектепте эмгектенип жатканына 40 жыл болсо да, өзү билим берген окуучулары менен биргеликте жылына 2-3 жолу тарбиялык мааниси жогору адабий музыкалык кечелерди өткөрүп турат. Жакында эле Энелер күнүнө карата «Адептүү бололу» деген темада иш-чара өткөрүп, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.

40 жылдан бери талыкпайиштеген Усупбек агайды билим берүү тармагында үзүрлүү эмгеги менен таанылган мугалимдердин катарында кошсок болот.

У.Токтосуновдун эмгеги эске алынып, райондук, облустук Ардак грамоталар ыйгарылып, «Эл агартуунун мыктысы» төш белгиси менен сыйланган.

Жазган: Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия мектебинин мугалими МИРА МУКТАРОВА.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up