Президенттин колун кармап, жакшы сөз угууну кыялданган Мунарбек: «Манас» мен үчүн кичинекей Япония

Президенттин колун кармап, жакшы сөз угууну кыялданган Мунарбек: «Манас» мен үчүн кичинекей Япония

Билим АКИpress үлгүлүү, таланттуу окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенти Базаркул уулу Мунарбек. Ал жогорку окуу жайында алдыңкы студенттердин бири. 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча «Алып баруучу» номинациясында 2-орунду ээледи.

«Мен 1996-жылы борбор калаабыз Бишкек шаарында төрөлдүм. 4-5 жашка чыгып, эс тартып, ак-караны түшүнүп калганда өз журтум болгон Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Ак-Жол айылына көчүп бардык.

Билим сапарым аталган айылдагы Матен Сыдыков атындагы №17 орто мектебинде башталды. 11-классты ошол эле мектептен класском болуу менен, ошондой эле мектептин үлгүлүү, активдүү окуучусу катары 2015-жылы бүтүрдүм.

Кичинемден эле ат минип, ат чаап жүрүп, тойлордо жарышка түшүп, күрөшкө чыгып жүрүп спорт менен алектенип калгам, анын үстүнө, айылда чарбачылык, мал багуу менен да көп алектенет эмеспизби, кара жумушка кара күч менен эмгек кылып дегендей… 4-класстан 8-класска чейин ат чаап, эл-жер көрүп жүрүп, эл адамы болсом деген кыялым бар эле. Бирок айылда жүрүп, билим-илим артынан сая түшүп кызыгуу деген, изденүү деген нерсе жок эле. Бардык жашоо шаарга келгенден кийин башталды, үйдөгүлөрдүн уруксаты менен шаарга келдим.

Айылдан шаарга жөнөп жаткандагы ата-эненин кеңеши кайсыл жерде болбосун, дем-күч берип турат экен. Атанын сөзү: «балам, жаман балдарга кошулба, окууңду жакшы оку», эненин сөзү: «балам, курсагыңды ток карма, жылуу кийин». Ушул сөздөр кайда болбоюн, кулактан жаңырып турат. Бул сөздөр — бүткүл ааламдын байлыгын жыйып берсе да, алмаштыргыс байлык.

Ошентип, Түркияда билим алып жаткан эжемдин кеңеши менен Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде окуп калдым. Чынында, окууну бүткөндөн кийин 2 гана тандоом бар эле, бири — Москвага баруу, экинчиси — айылда калуу. Эгер Москвага кетсем, керт башымдан башка эч нерсени ойлобой калмак белем, себеби коом бул адамды тарбиялайт деп ойлонуп калам. Бирок көңүлүм шаар деп эле тура берген, бир карасам, досторум, туугандарым, классташтарымдын баары шаарга жөнөп жатышканын көрүп, мен дагы баргым келди, бир мүмкүнчүлүктү пайдаланып келүүгө чечим чыгардым, уруксат алып шаарга келдим.
Келип, акыркы каттоо күнүнө жетишип калдым, университеттер тууралуу маалымат алуу кыйын эле, башкаларга кызыгып барбадым.
Сынак тапшырдым, кийин, бөлүм тандоо учурунда бир гана Спорт факультети көңүлүмдө туруп алды. Ал жакка тапшырып, алдыңкы упай менен өтүп, окуп калдым, буйруса, алдыда башка кесиптердин бирин өнүктүрүүгө максатым бар, билим алуу эч убакта кеч болбойт.

Буйруса, өзүмө жаккан Коммуникация факультетинин РТС менен журналистка бөлүмүнө тапшырам деген оюм бар. Анткени көп нерсени убакыттын өтүшү менен түшүнөт экенбиз, адамды бирден бир адам кылган бул чөйрө экен, Кудайга шүгүр, абдан жакшы чөйрөгө туш келдим. Окуган университеттин аурасы ушунчалык өзгөчө. Мен «Манас» университетин кичинекей Японияга окшоштуруп коём, анткени тартиби, тарбиясы, өтө күчтүү. Бир буюмуң жоголуп кетсе, аны табуу кыйынчылык туудурбайт, адамдар адамгерчилиги менен кайтарып берет же эртеси кайра эле таап аласың. Билим системасына сөз жок, баары өз орду менен, бардык нерселери заманбап, жаңы китеп каналары жетиштүү, интернет, компьютери бар.

Коом менен аралашууга түздөн түз университетибиздин Студенттик кеңешинин алдындагы «Инсандык өнүгүү» клубу жана аны 2015-жылы башкарып иштеген Мунарбек Орозакунов деген байке себеп болду.
«Инсандык өнүгүү» клубу менен иш алып барып, жашоонун маңызын түшүндүм. Көптөгөн адамдардын кеңешин уктум, айылда телекөрсөтүүлөрдө же гезиттерде көрүп, суктанып жүргөн инсандар менен кол алып учураштым, акыл-насаатын да уктум, Мекенибиздин беделдүү, ийгиликтүү, көрүнүктүү, алдыңкы инсандары менен да маектеше алдым. Эми бир гана кыялым — президенттин колун кармап, жакшы сөзүн угуу.

Алардын кеңешин угуп жүрүп, жөнөкөй эле нерселер экенин түшүндүм. Ким болбосун, төмөнкү кеңештерди айтышат:

1. Өзүңө ишен! Өзүңө өзүң ишенбесең, сага ким ишенет?
2. Жоопкерчилик.
3. Аракет, эмгек, изденүү.
4. Адамгерчилик, адамдар менен сылык мамиледе бол!
5. Китеп оку!
6. Тил үйрөн!
7. Жалкоолонбо!

Бардык досторго дал ушул 7 кереметти колдонушун сунуштайт элем.

Клуб менен аралашып жүрүп, клубдун иш-чараларын алып барым да калдым, эл алдында көп нерсени үйрөндүм. Университетибиздин жыл жыйынтыгы (Manas Awards) боюнча, «алып баруучу» номинациясында 2-орунду алдым», - деди ал.

Мунарбек үй-бүлөдө 9 бир туугандын сегизинчиси.

Жазган: Түркиядагы Кастамону университетинин 2-курсунун студенти НАРГИДА МАЛИКОВА.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу окуучулар, студенттер, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up