«Сейтек» борборунун «Ак Шоола» балдар хору Талас жергесине концерт коюп келишти (фото)

«Сейтек» борборунун «Ак Шоола» балдар хору Талас жергесине концерт коюп келишти (фото)

Билим АКИpress - «Сейтек» борборунун «Ак Шоола» балдар хору Талас жергесине «Чыңгыз атага таазим» аттуу концерттик программа тартуулап келишти. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, балдардын жана өспүрүмдөрдүн улуттук «Сейтек» борборунун «Ак Шоола» элдик, үлгүлүү театрдаштырылган балдар хору Ч.Айтматовдун жаштар сыйлыгынын лауреаты, Токтогул Сатылганов мамлекеттик сыйлыгынын ээси. Балдар хорунда 2 жаштан 19 жашка чейинки окуучулар бар. Хордун репертуарында балдар ырлары, кыргыз авторлорунун, дүйнөлүк классика ырлары бар.

Аймактарды өнүктүрүү жылына жана улуу жазуучу Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Ак Шоола» хору Талас облусуна барып келишти. Хордун курамындагы 6 жаштан 19 жашка чейинки окуучулар, 55 адамдан турган тайпа барып, концерттик программаларды тартуулашты.

Иш-чаранын максаты — жазуучунун балалык чагы өткөн жерге, биринчи колуна калем алып, китептеги жазган айылдарын көрүп, айылдаштарына жолугуп, өз өнөрлөрүн тартуулоо. Иш-чара дүйнө жазуучусу Ч.Айтматовдун ким экендигин унутпай, улуу адамдар айылдан чыккандыгын, сыймыктануу сезимди өстүрүү менен бирге патриоттук тарбия берүүгө өбөлгө түзөт, айылдын тургундары балдардын талантына күбө болуп, хор искусствосун жайылтууга шарт түзөт.

Иш-чара 2018-жылы 9-июнда «Ата Бейит» комплексинде башталды. Улуу жазуучунун күмбөзүнө барып, анын жаркын элесине таазим кылып, ошондой эле «Ата Бейиттеги» бардык маркумдарга куран түшүрүшүп, «Чыңгыз атага таазим» аттуу ырды жандуу үн менен аткарып беришти.

Андан кийин, 10 июнда №64 орто мектебинин алдынан автобус менен Талас областына сапар алышты. Ушул эле күнү кечинде Талас областынын Кара-Буура районундагы Т.Бабанов атындагы жатак-лицейде жайгашты.

«Ак Шоола» хору 11-июнда Шекер, Кызыл-Адыр айылдарында, Ч.Айтматовдун эстелигинин жанында, 12 июнда Талас шаарында, А.Огомбаев атындагы музыкалык мектебинде концерт коюшуп, «Манас Ордо» комплекси менен таанышты. Аларды Талас жергесинде МАИ кызматкерлери коштоп жүрүштү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up