Миң-Булактык 22 окуучу Ысык-Көлдөгү «Улан» лагеринде эс алууда

Билим АКИpress - Нарын районуна караштуу Миң-Булак айыл өкмөтүнүн А.Тыныбек, Т.Байсалов жана Ж.Өмүралиев атындагы орто мектептеринде билим алган 22 окуучу Ысык-Көлдөгү «Улан» ден соолукту чыңдоо броборунда эс алышууда. Алардын арасында окуунун алдыңкылары, социалдык коргоого муктаж балдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген 7 бала бар.

Окуучулардын эс алуусуна Миң-Булак айыл өкмөтү тарабынан 50 миң сом акча каражаты бөлүнгөн. Лагердеги жошоо кызыктуу жана көңүлдүү өтүүдө. Эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн. «Аларда зеригүү болбойт. Спорттук оюндар, экскурсиялар, балдардын эс алуусун кызыктуу кылууда», - дейт балдардын жетекчиси Кенжегүл Бектемирова.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up