Фото — Бишкек мэри А.Ибраимов шаардагы мектептердин 51 окуучусуна кызыл аттестаттарды тапшырды

Фото — Бишкек мэри А.Ибраимов шаардагы мектептердин 51 окуучусуна кызыл аттестаттарды тапшырды

Билим АКИpress - 2018-жылдын 23-июнунда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Бишкек шаарындагы мектептердин 11-классынын бүтүрүүчүлөрүнө жалпы орто билими жөнүндө өзгөчө үлгүдөгү аттестаттарды тапшыруу салтанаты болуп өттү.

Калаа мэриясынын басма сөз кызматы маалымдагандай, иш-чарага Бишкек мэри Албек Ибраимов, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, мектеп директорлору, бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери катышты.

Бишкек шаарынын мэри 51 бүтүрүүчүгө куттуктоо сөзү менен кайрылып, аларга артыкчылык аттестаттарын жана эстеликке медалдарды тапшырды.

«11 жылдын аралыгында өз мектептериңерден мыкты билим алдыңар. Силер — мектептериңердин сыймыгы — шаардык жана республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, көп сандаган шаардык жана республикалык сынактардын байге ээлери жана лауреаттары, эң активдүү жана максатка умтулган жаштардан болдуңар. Шаардын билим деңгээли республика боюнча мурункудай эле алдыңкы орунда. Жыл сайын өтүүчү окуучулардын республикалык олимпиадасы менен жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы шаардагы мектептерден алган билимдин сапатын аныктайт», - деди А.Ибраимов.

Сөзүнүн аягында шаар башчысы даярдыктарынын жогорку деңгээли жана аракеттеринин аркасында бүтүрүүчүлөр Кыргызстандын жана дүйнөнүн мыкта жогорку окуу жайларына тапшырып, жогорку квалификациялуу жана талап кылынган адистер болушуна ишенимин билдирди.

Салтанаттын соңунда кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда майрамдык концерттик программа уюштурулду.

2018-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө орто билими туураулуу аттестаттарды тапшыруу Бишкек шаарынын бардык мектептеринде өттү. Быйыл шаардык мектептерден 9-классты 10 миң 626 окуучу жана 11-клаасты 5 миң 823 бүтүрүүчү аякап жатышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up