Дубайдагы менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада Кочкордун 7 окуучусу байге ээлери болушту (фото)

Дубайдагы менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада Кочкордун 7 окуучусу байге ээлери болушту (фото)

Билим АКИpress - Кочкорлук окуучулар Дубай шаарындагы менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада жеңишке жетишти. Бул тууралуу «Пирамида роста» интеллектуалдык өнүктүрүү борборунун директору Бакыт Бейшенбеков билдирди.

«Менталдык арифметика боюнча Эл аралык ассоциация уюштурган дүйнөлүк олимпиадага Кочкор районунан жалпы 10 окуучу катышты. Жыйынтыгында Айым Муканбетова, Аида Асанова «Супер чемпион», ал эми Акмарал Рысбекова «Чемпион» аталышты. Аяна Шайлообекова 1-орунду, ошондой эле Мухаммедали Кулчороев, Бакытбек уулу Ынтымак жана Арууке Турганалиева 2-орунду ээлешти.

Айзада Жумабекова, Бегимай Самансурова жана Сезимай Асанбекова катышкандыгы үчүн ардактуу медаль менен сыйланышты. Алар 1-2 сандан гана ката кетирип алышыптыр», - дейт Б.Бейшенбеков.

Дубайдагы менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олипиадада 20га жакын мамлекеттен 300дөн ашуун катышуучу ат салышты. Кыргызстандан 80 окуучу катышса, алардын эң кичүүсү 5 жашта, эң улуусу 16 жашта. Бүгүнкү күндө катышуучулар Дубай шаарында саякаттап жүрүшөт.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up