ЖРТ-2018: Баткен шаары боюнча эң жогорку упай — 202

Билим АКИpress - Баткен шаарындагы орто мектептерде жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынытыгында эң жогорку упай 202 болду.

Шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилла Акматовтун маалыматына ылайык, 2017-2018-окуу жылында 307 бүтүрүүчүнүн ичининен 277 окуучу жалпы республикалык тестирлөөгө катышты. Алардын ичинен 110 упайдан жогору алгандардын саны — 166.

Баткен шаары боюнча эң жогорку 202 упайды Баткен областтык гимназия-жатак мектебинин окуучусу Айтунук Сапаралиева топтоду. Ошондой эле шаар боюнча жогорку упай топтогондор:

197 упай — Айтунук Улукбекова, Баткен областтык гимназия орто мектеби;
195 упай — Адилбек уулу Байышбек, Баткен облустук гимназия орто мектеби;
194 упай — Бусурманкул Абдижапаров, Баткен облустук гимназия орто мектеби;
193 упай — Мирсеит Ибраимов, Баткен облустук гимназия орто мектеби;
192 упай — Алмаз кызы Кызжибек, Баткен облустук гимназия орто мектеби;
191 упай — Кубаныч кызы Эркинай, Баткен облустук гимназия орто мектеби.

Алтын сертификатка ээ болгондор жок.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up