Бүтүрүүчү-2018: Баткендик М.Курбаналиев Кыргызстандагы эң мыкты 50 абитуриенттин катарына кирди (фото)

Бүтүрүүчү-2018: Баткендик М.Курбаналиев Кыргызстандагы эң мыкты 50 абитуриенттин катарына кирди (фото)

Билим АКИpress - Баткендик бүтүрүүчү Миңтемир Курбаналиев жалпы республикалык тестирлөөдөн 220 упай топтоп, 2018-жылдын эң мыкты 50 абитуриентинин катарын толуктады.

Миңтемир республикалык тестирлөөгө 1 жылдан бери даярданып келген.

«Мен 2017-жылдын сентябрь айынан бери жалпы республикалык тестирлөөгө даярданып келем. Өзүм буга чейин кыргыз тили жана адабияты предметинен олимпиадаларга катышып, облустук деңгээлге чейин жетип, орундары алып жүргөм. Ошондуктан тестте билген маалыматтар туш болуп, жеңил болду деп ойлойм. Алдыда жогорку окуу жайга өтүп, эл аралык мамилелер факультетине тапшырып, келечекте Кыргызстанга кызмат кылсам дейм», - дейт ал.

Миңтемир Курбаналиев Баткен районуна караштуу Апкан айылынын тургуну. Ал 14 жашынан баштап Кадамжайдагы лицейде билим алган.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up