Таластын бардык мектептеринде бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу салтанаты өттү

Таластын бардык мектептеринде бүтүрүүчүлөргө аттестат тапшыруу салтанаты өттү

Билим АКИpress - Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө караштуу бардык мектептерде бүтүрүүчүлөргө жалпы орто билими тууралуу аттестаттарды тапшыруу салтантаттуу иш-чаралары болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чараларга КР өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Талас шаардык өз алдынча башкаруу мэриясынын, райондук администрациянын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кецештин депутаттары, ардагер мугалимдер катышты.

Талас районунан 415 жана Талас шаарынан 298 бүтүрүүчүгө аттестат тапшырылды. Талас шаарындагы А.Чолпонкулов атындагы №1 орто мектептин бүтүрүүчүлөрү Молдобекова Мадина, Жуматаев Бекжан, №3 мектеп-гимназиядан Абдыкадырова Бегимай артыкчылык аттестаттарын алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up