Эмгек-Талаа айылынын бүтүрүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды

Эмгек-Талаа айылынын бүтүрүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктар тапшырылды

Билим АКИpress - Нарын районуна караштуу Керимбай уулу Сарыбай атындагы орто мектебинин ЖРТдан алдыңкы упай топтогон 3 бүтүрүүчүсү жана алардын класс жетекчисине «Менин мектебим» долбоорунун жетекчиси Нурзат Абдрасулова акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Ошентип, 156 упай топтогон Сатымбеков Шабданга 8 000 сом,126 упай топтогон Жумабек уулу Кутманга 5 000 сом, 122 упай топтогон Кубат уулу Бекзатка 3 000 сом жана класс жетекчиси Аттокурова Аселге 5 000 миң сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

«Менин мектебим» долбоору биздин мектеп кызматташа баштаган жылдан тарта окуучуларга колдоо көрсөтүп, алардын билимге умтулуусуна стимул берип келет», - деди мектеп директору Айна Осмонова.

Ошондой эле 2017-2018-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү жалпы орто билими тууралуу аттестаттарды, ЖТРдан топтогон упайларын тастыктаган сертификаттарды алышты. Сыйлык тапшыруу аземинде бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап, өздөрү каалаган окуу жайга өтүп, келечекте мыкты инсан болсун деген жакшы каалоо-тилектер айтылды.

Аталган мектепти 18 бүтүрүүчү аяктады. Анын ичинен 12 бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up