Кадамжайдан 1 миң 178 бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө катышты

Билим АКИpress - Кадамжай районундагы 83 мектептин ичинен 73 орто мектептин бүтүрүүчүлөрү жалпы республикалык тестирлөөгө катышты. Бул мектептерден тышкары, №33 жана №72 кесиптик лицейлери, «Семетей» лицейи жана А.Анаркулов атындагы күндүзгү сырттан окуу мектебинин окуучулары катышты.

Район боюнча 1 миң 971 бүтүрүүчү бар, алардын ичинен ЖРТга катышкандардын саны — 1 миң 178. 110 упайдан жогорку упайларды топтогон абитуриенттердин саны — 580.

«Семетей» лицейиндеги 71 бүтүрүүчүнүн арасынан 1 окуучу — Курбаналиев Миңтемир 220 упай топтоп, алтын сертификат алууга жетишти. Ошондой эле 12 бүтүрүүчү 200 упайдан жогору алышты.

Сүрөттө: Кадамжай району боюнча эң жогорку упай (220 упай) топтогон Миңтемир Курбаналиев

479088.cb618d52c67d5a14bebd05c78c9a9840

А.Масалиев атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Каимов Жангазы 202 упай, С.Тажибаева атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү Маматов Акылтай 202 упай, К.Сатаров атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүсү А.Мамарасулова 199 упай топтой алышты.

Район боюнча эң мыкты көрсөткүчкө жетишкен мектептер: Кадамжай райондук лицейи, Семетей, Молдо Нияз, «Охна», Б.Айтматов атындагы гимназия мектептери, А.Масалиев, Токтогул атындагы орто мектептери, Т.Исмаилов, Б.Садыков, С.Тажибаева, «Арпа-Сай», С.Тешеев, «Кыргызстандын 10 жылдыгы» орто мектептери.

Негизинен, орточо упайдан жогору болгон мектептердин саны — 33 мектеп. Орточо упай боюнча эң жогорку көрсөткүчкө «Семетей» лицейи жетишип, ал 167,6 упайды түздү.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up