Кадамжайлык 3 окуучу менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада «Чемпион» аталышты

Кадамжайлык 3 окуучу менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадада «Чемпион» аталышты

Билим АКИpress - Кадамжайлык окуучулар Дубайда өткөн менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиададан ийгилик менен кайтышты. Бул тууралуу Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Кадамжай районундагы билим берүү мекемелеринин окуучулары 23-июнда Дубайда болуп өткөн менталдык арифметика боюнча дүйнөлүк олимпиадага катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келишти.

А.Масалиев атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу Айгерим Жороева «Супер чемпион» жана «Таланттуу абакус» наамдарын жеңип, кубок менен сыйланды.

Кызыл-Булак айылынын Молдо Нияз атындагы мектебинин 6-классынын окуучусу Бибиажар Ысманалиева менен О.Абдрахманов атындагы орто мектебинин окуучусу Даткайым Курсаналиева «Чемпион» номинациясына ээ болушту.

Ошондой эле О.Маканов мектебинин окуучусу Албина Абдыкаримова, А.Масалиев атындагы мектептин 2-классынын окуучусу Арууке Нурбекова 2-орунду жана О.Маканов атындагы орто мектебинин окуучусу Азамат Тагаев 3-орунду багындырып келишти.

Жыйынтыгында женүүчүлөр медаль жана кубок менен сыйланышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up