Аксыдагы мектепте окуучулар арасында эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өттү

Аксыдагы мектепте окуучулар арасында эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өттү

Билим АКИpress - Аксы районунун Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин спорт залында жеке ишкер Р.Кадышовдун демилгеси менен жыл сайын окуучулар арасында өтүүчү эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш уюштурулду.

Мелдешке Кыргызстандын Чүй, Талас, Нарын, Жалал-Абад облустарынан, Каракол шаарынан жана коңшу Тажикстан, Өзбекстандан жаш спортчулар катышты.

Мелдештин уюштуруучусу жана башкы машыктыруучусу Жангазы Бекболотовдун айтымында, жыл сайын Раимбек Кадышовдун демөөрчүлүгү менен өтүп, катышуучулардын саны жылдан жылга өсүүдө.

«Негизги максатыбыз — 7 жаштан 16 жашка чейинки мектеп окуучуларын спорттун бул түрүнө кызыктыруу, кылмыштуулуктан оолактатуу. Коңшу мамлекеттерден, Кыргызстандын булуң-бурчунан келген спортчулар үчүн шарттар түзүлдү, коопсуздук эрежелер каралды. Учурдан пайдаланып, 5 жылдан бери бул мелдешти уюштуруп, демөөрчүлүк кылып келе жаткан Кадышев Раимбек агайга ыраазычылык билдирем. Мелдештин катышуучуларынын арасынан, буйруса, эркин күрөш боюнча Кыргызстандын желегин желбиреткен спортчулар чыгарына ишенем», - деди Ж.Бекболотов.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Тажикстандын, 2-орунду Өзбекстандын жана 3-орунду Кыргызстандын жаш спортчулары алышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up