Кашка-Суудагы орто мектепте аттестат тапшыруу аземи өттү

Билим АКИpress - Аламүдүн районуна караштуу Т.Актанов атындагы Кашка-Суу орто мектебинде аттестат тапшыруу аземи болуп өттү.

Иш-чарага ата-энелер жана айыл өкмөт өкүлдөрү катышты. Майрамды мектеп директору Күннур Таласбаева жалындуу сөздөрү менен баштап, ЖРТдан жогорку көрсөткүчтөргө ээ болгон бүтүрүүчүлөргө мектептин стипендиясын тапшырып, ак жол каалады.

Келген коноктор каалоо-тилектерин айтышып, мектептин ачык асманы алдында бүтүрүүчүлүр менен мугалимдер жакшы маанайда коштошту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up