Аксыдагы Ж.Бөкөнбаев мектебинде бүтүрүүчүлөргө аттестаттар тапшырылды

Билим АКИpress - Аксы районунун Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия мектебинде бүтүрүүчүлөргө жалпы орто билими тууралуу аттестаттарды тапшыруу салтанаттуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу аталган мектептин мугалими Мира Муктарова билдирди.

2017-2018- окуу жылында 60 бүтүрүүчү мектепти аяктады. Мектеп директору А.Мамбетова өз сөзүндө келечек максаттарын ишке ашырууда мектептен алган билимдери жол көрсөтөрүн айтып, бүтүрүүчүлөргө каалаган окуу жайларга өтүп, Кыргызстандын сыймыктуу инсандары болушун каалап өттү.

Бүтүрүүчүлөр да, өз кезегинде, мектепке, мугалимдерге ыраазычылыктарын айтып, мектеп менен коштошту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up