Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту 90 жылдыгын белгиледи

Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту 90 жылдыгын белгиледи

Билим АКИpress - 26-июнда Кыргыз Улуттук илимдер академиясында Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун 90 жылдыгы белгиленип, ага арналган иш-чаранын алкагында куттуктоолор айтылып, институтка жана анын окумуштууларына сыйлыктар тапшырылды.

Мааракеге карата «Филологиянын актуалдуу көйгөйлөрү: кыргыз фольклор таануу, тил жана адабият таануу илиминин өнүгүшүндөгү академиялык илимдин тарыхый орду» деген эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Мындан сырткары, институт тарабынан 90 жыл аралыгында жарык көргөн эмгектердин көргөзмөсү уюштурулуп, институттун тарыхы жана ишмердүүлүгү жөнүндөгү 20 мүнөттүк видеотасма көрсөтүлдү.

УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев Тил институтунун түзүлгөн күнүнөн бүгүнкү күнгө чейин тил жана адабият жаатындагы көрүнүктүү эмгектерин жана илимпоздорду белгилеп өттү.

«Институттун бүгүнкү күндөгү жамааты ушундай бай тарыхты калтырган улуу муундагы окумуштуулардын эмгектерин эстеп туруп, мындан ары да ошол калыптан жазбай, институттун өнүгүшүнө салым кошот деген ишенимдемин», – деди ал.

Академик Абдылдажан Акматалиев Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун бир кылымга тете убакытта кыргыз мамлекетинин калыптанышына, өсүп-өнүгүшүнө, илимий кадрлардын даярдалышына, жаштарды адеп-ахлакка тарбиялоодо, эл аралык мамиледе чоң кызмат өтөп келе жатканын белгиледи.

«90 жыл аралыгында институт басып өткөн жол учуруна жараша татаал, кыйын, ошону менен бирге байсалдуу болду. Бирок ташыркаган жок. Бүгүнкү күнү да ошол эле жолун жаңы көз караштар менен улантууда. Келечекте да бул салт улана берет деген ишеним бар», – деди ал.

Иш-чарада УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун 90 жылдык мааракесине байланыштуу окумуштууларды сыйлоо жөнүндө Президиумунун №56 токтому чыгып, жеңүүчүлөр сыйланды.

Ошондой эле талыкпаган эмгеги үчүн окумуштууларга Жогорку Кеңештин, Билим берүү жана илим министрлигинин, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын, КР Өкмөтүнүн алдындагы интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин, КРнын Профсоюз уюмунун куттуктоолору айтылып, сыйлыктары ыйгарылды.

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси Султан Раев, Жогорку Кеңештин аппарат башчысы Саматбек Ибраев, КР Өкмөтүнүн билим, илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы Алмаз Бейшеналиев, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Назаркул Ишекеев, Түрк академиясынын өкүлү Кадыралы Конкобаев, Билим жана илим министрлигинин өкүлү, илим боюнча департаменттин орун басары Олжобай Алдакунов, Кыргыз Өкмөтүнүн алдындагы Патенттөөнүн статс-катчысы Талант Конокбаев, КРнын Профсоюз уюмунун билим, илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы Асылбек Токтогулов, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору Лайли Укубаева, Кыргыз улуттук университетинин ректору Канат Садыков, Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаков куттуктоо сөздөрүн айтышты.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up