ЖРТ-2018: Чүй облусу боюнча эң жогорку упай топтогон Иван Тимофеевге 10 миң сом ыйгарылды

ЖРТ-2018: Чүй облусу боюнча эң жогорку упай топтогон Иван Тимофеевге 10 миң сом ыйгарылды

Билим АКИpress - Жалпы республикалык тестирлөөдөн Чүй облусу боюнча эң жогорку упай топтогон Иван Тимофеевге Кант шаардык мэриясы 10 миң сом тапшырды. Бул тууралуу Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси Болот Иманалиев билдирди.

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кант шаарындагы Д.Зубков атындагы мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Иван Тимофеев облус боюнча эӊ көп упай (221) топтоп, алтын сертификатка ээ болду. Ага Кант шаардык мэриясы тарабынан 10 миң сом акчалай сыйлык берилди.

Иван келечекте мыкты веб-түзүүчү болгусу келет. Ал үй-бүлөдө 2 бир туугандын улуусу.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up