Сузактын окуучулары туруктуу өнүгүү максаттарын талкуулашууда

Билим АКИpress - Бүгүн, 27-июнда Жалал-Абад шаарындагы «Жеңиш» паркында ачык асман алдында дебаттык бөлүктөр өткөрүлүүдө. Ага Сузак районунун айылдарынан келген окуучулардан топтолгон 5 команда катышып жатат. Дебаттык бөлүктөрдө жергиликтүү коомчулуктардын өнүгүүсү жана туруктуу өнүгүү максаттары боюнча маселелер талкууга алынат.

«Жаштарга жана балдарга жагымдуу Кыргызстан» долбоорунун алкагында Мичурин, Саты, Бакиров, Чанаков жана Торомаматов атындагы орто мектептеринин парламенттериндеги дебаттык клубдарынын катышуучулары конструктивдүү диалог аркылуу туруктуу өнүгүү багытындагы маселелерди көтөрүп чыгышат. Анын жыйынтыгы менен мектеп окуучулары дебаттык технологияларды колдонууну, эл алдына чыгып сүйлөөнү өздөштүрүп, кабыл алынган маалыматты анализдегенди үйрөнүшөт.

Туруктуу өнүгүүнүн максаттары 17 максаттан жана 169 маселеден турат. БУУга мүчө болгон бардык 193 мамлекет бул максаттарды 2030-жылга чейин ишке ашырууга макулдугун беришкен. Коюлган максаттар жакырчылыкты жок кылууга, теңсиздик жана акыйкатсыздык менен күрөшүүгө, туруктуу өнүгүүгө, демократиялык башкарууга, тынчтыкты орнотууга жана климаттык өзгөрүүлөрдөн улам пайда болгон маселелер менен күрөшүүгө багытталган.

Дебат – бул ролдук интеллектуалдык оюн. Мында ар бир топ белгилүү бир идеяны колдоп, далилдейт же төгүндөйт. Ал эми жеңүүчүлөр аргументтештирүүнүн сапаты жана сүйлөп жаткан адамдын ишенимдүү болуусу шарттары менен бааланат.

«Балдарга жана жаштарга жагымдуу Кыргызстан» долбоору Борбордук Азиядагы Билим берүүчү дебат ассоциациясы (IDEA СА) жана БУУнун балдар фонду (ЮНИСЕФ) менен биргеликте Улуу Британия өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурулуп жатат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up