Кайсы жогорку окуу жайдын мугалимдери 30-50 миң сом айлык алышат?

Кайсы жогорку окуу жайдын мугалимдери 30-50 миң сом айлык алышат?

Билим АКИpress - Жогорку Кеңеш Ош шаарынын мэриясына Ош мамлекеттик университетинин мугалимдерине көп кабаттуу үй куруп берүү үчүн 30 соток жер таап берүү мүмкүнчүлүгүн караштырууну сунуштады.

Тиешелүү токтомду парламент 27-июндагы жыйында кабыл алды.

Маселени жыйында депутат Каныбек Иманалиев («Ата Мекен») көтөрдү. «Бүгүнкү күндө бул Борбордук Азиядагы ири университеттердин бири, ал жакта 28 миң студент бар. Окуу жайда мугалимдердин жогорку айлык акысы — 30 миңден 50 миң сомго чейин. Андан тышкары, жыл ичинде алар 5 млн доллар суммасында инвестиция тарта алышты. Алар өз күчү менен, өз бюджетинин жардамы менен 125 мугалим үчүн үй куруп бере алышты. Эми алар өздөрүнүн окутуучуларына үй салып берүү үчүн 30 соток жер сурап жатышат. Шаардын мэриясы 5-6 жолу жер бөлүп беребиз деп сөз берип, бирок иш ордунан жылбаптыр», - деди ал.

К.Иманалиев келечекте ОшМУга «улуттук» статусун берүү мүмкүнчүлүгүн караштыруу керектигин кошумчалап өттү.

Депутат Исхак Масалиев («Өнүгүү-Прогресс») токтомго каршы эместигин, бирок, ошону менен ЖК үлгү түзүп жатканын белгиледи. «Бизге бүгүнкү күндө да жарандарыбыз 1 жылга кезекке туруп, бирок жер тилкесин ала албай жатканы тууралуу арыздануулар түшүүдө. Эгер Мындай даттануулар түшсө, биз ар бир кырдаал боюнча ушундай чечимдерди кабыл алабызбы? Сунуш жакшы экен, бирок анын арты кандай болорун ойлошубуз керек. Мындан тышкары, биз мындай буйруктарды бере алабызбы? Балким, муну комитеттин деңгээлинде чечишибиз керек?», - деп сурады ал.

«Биз өзүбүздүн иш-милдеттерибизди жүзөгө ашыруунун алкагында өкмөт мүчөлөрүнө буйрук берип жатабыз. Бул деле ошондой. Эгер университет бюджеттик акчаларды сурабай, өз эсебине мугалимдер үчүн үйлөрдү куруп берүүгө даяр болсо, анда биз сунушту колдоого алышыбыз керек», - деп жооп кайтарды Алмамбет Шыкмаматов («Ата Мекен»).

Депутат Төрөбай Зулпукаров (КСДП) да сунушту колдоого аларын билдирип, 4 жылдын ичинде университет өз каражатына жаңы окуу имараттарын, спорт зал жана жатакана салганын белгилеп өттү. «ОшМУнун 150 мугалими Мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында үй алуу мүмкүнчүлүнө ээ болушту», - деди ал.

Жыйынтыгында токтом долбооруна 92 депутат «макул» деп добуш беришти.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up