Нарындагы Токтогул мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттар тапшырылды (фото)

Билим АКИpress - Нарын шаарынын Токтогул атындагы орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө жалпы орто билими тууралуу аттестаттарды тапшыруу салтанаты өттү.

2017-2018-окуу жылында 11-классты 53 окуучу, 9-классты 75 окуучу аяктады. 50 окуучу жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, 26 окуучу 110дон жогорку упай топтошту. Орточо упай 50%ды түздү. Мектеп боюнча эң жогорку упайга Муратбекова Айсанат ээ болду.

Аттестат тапшыруу аземине жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ата-энелер, мугалимдер катышты. Мектеп директору Б.Найманбаев өз сөзүндө келечек максаттарын ишке ашырууда мектептен алган билимдери жол көрсөтөрүн айтып, бүтүрүүчүлөргө каалаган окуу жайларга өтүп, Кыргызстандын сыймыктуу инсандары болушун каалап, аттетаттарды жана тестирлөөдөн алган упайларын тастыктаган сертификаттарды тапшырды.

Бүтүрүүчүлөр да, өз кезегинде, мектепке, мугалимдерге ыраазычылыктарын айтып, мектеп менен коштошту.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up