Жерге-Тал айылындагы мектепте жайкы лагерь иштей баштады (фото)

Билим АКИpress - Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылынын А.Табалдиев атындагы орто мектебинин алдында жайкы лагерь ачылып, балдарды кабыл алды.

Учурда жайкы лагерде 40 бала эс алып жатат. Алар үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Балдар лагерде 3 саат болушуп, ар кандай спорттук оюндарды ойношуп, кызыктуу көркөм тасмаларды көрүшүп, көңүлдүү эс алып кайтышат. Алар үчүн бир маал ысык тамак уюштурулган. Мектептин эмгек жамааты өз каражаттарынын эсебинен уюштуруу иштерин колго алышкан. Мугалимдер кезек менен лагердеги балдар менен иш алып барышат.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up