Бакай-Ата районунда алдыңкы окуучулар менен мугалимдер сыйланышты

Бакай-Ата районунда алдыңкы окуучулар менен мугалимдер сыйланышты

Билим АКИpress - Бүгүн, 29-июнь күнү Бакай-Ата районундагы Маданият үйүндө мугалимдерди жана «Алтын тамга» артыкчылык аттестаттарына ээ болгон бүтүрүчүлөрдү сыйлоо аземи болуп өттү. Сыйлыктарды Бакай-Ата районунун акими Чолпонкул Төрөкулов тапшырды.

Талас облусунан «Алтын тамга» атттестатын жалпы 5 бүтүрүүчү алды, алардын арасынан 3 окуучу Бакай-Ата районунан. Былтыркы жылга салыштырмалуу Бакай-Ата районунда билим деңгээли жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менене 6,5%га өстү.

Быйылкы жылы район боюнча ЖРТдан эң жогорку упайды Өзгөрүш айылындагы У.Акынбеков атындагы орто мектебинин окуучусу Күрөңбаев Касым (198 упай) топтоду.

«Алтын тамга» аттестатын алган 3 окуучуга мактоо баракчалары тапшырылды. «Манас таануу» интеллектуалдык телетаймашына катышып, 3-орунду ээлеген «Даанышман» тобунун курамындагы 7 окуучуга планшеттер тапшырылды.

Бакай-Ата районунан 3 мугалимге «Райондун ардактуу атуулу» наамы ыйгарылды. Райондун атынан менталдык арифметика боюнча республикалык олимпиадага катышып, алдыңкы орунду алган 2 окуучуга ыраазычылык каттары берилди. Ошондой эле спорт жаатында ийгилик жараткан 8 окуучуга ыраазычылык каттары тапшырылды.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up