Баткенде VII Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

Баткенде VII Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

Билим АКИpress - Баткен мамлекеттик университети тарабынан Кыргызстан, Россия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан илимпоздорунун катышуусунда VII Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.

«Жаңы маалыматтык революциянын экономика-техникалык платформасы» аталышындагы конференция БатМУнун жетекчилигинин демилгеси менен Орто Азия мамлекеттеринин ичинде Кыргызстанда биринчи жолу өтүп жатат.

Негизги максаты – окумуштуу профессорлордун иш тажрыйбасы менен таанышуу, экономикалык жана техникалык жактан өнүгүү жана илимий жактан тастыктоо, аны практика жүзүндө көрсөтүү.

Аталган конференция БатМУ менен Россия Федерациясынын Волгоград шаарындагы Илимий коммуникациялар институтунун ортосундагы келишимдин негизинде өткөрүлүүдө. Конференция Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында өткөрүлүп, жергиликтүү жогорку окуу жайдын окутуучуларынын окумуштуу, профессорлор менен тажрыйба алмашуусуна шарт түзүлдү.

Конференциянын жүрүшүндө Россиянын Илимий коммуникация иститутунун негиздөөчүсү Елена Попкова КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаевге илим-билим жаатындагы стратегиялык кызматташуусу үчүн «Жогорку рангдагы ардактуу өнөктөш» наамындагы дипломун ыйгарды.

1(25)

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up