Аксылык окуучулар Ысык-Көлдөгү чыгармачылык фестивалына катышууда

Аксылык окуучулар Ысык-Көлдөгү чыгармачылык фестивалына катышууда

Билим АКИpress - Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарындагы «Ала-Тоо» пансионатында республикалык «Сейтек» борбору уюштуруп жаткан «Менин мекеним Кыргызстан» балдардын чыгармачылык фестивалына Аксы районуна караштуу Кербен шаарынын М.Токтоболотов атындагы балдар чыгармачыл борборунун окуучулары да катышууда.

М.Токтоболотов атындагы балдардын чыгармачылык борборунун директору Гүлзат Бекболотованын айтымында, фестивль «Сейтек» борбору тарабынан жыл сайын уюштурулат. Ага Кыргызстандын бардык аймактарынан чыгармачыл топтор катышат.

«Биздин борбор да 5 жылдан бери катышып келе жатат. Уюштуруучуларга чоң рахмат айтабыз. Балдар үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Фестивалдын программасына ылайык, балдар ырдап-бийлеп, сүрөтчүлөр, кол өнөрчүлөр өз өнөрлөрүн көрсөтүшүүдө. Биздин окуучулар кыргыз бийин тартуулашат. Андан тышкары, алар көгүлтүр көлдүн жээгинде эс алып, ар кайсы аймактардан келген балдар менен достошуп, жакшы маанайда кайтышыт деп турабыз», - деди ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up