Ырчы, алып баруучу, комузчу студент Таңатар Акматов келечекте маданият министри болууну кыялданат (фото)

Ырчы, алып баруучу, комузчу студент Таңатар Акматов келечекте маданият министри болууну кыялданат (фото)

Билим АКИpress үлгүлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин 2-курсунун студенти Акматов Таңатар Авенович. Ал мектепти артыкчылык менен аяктап, учурда жогорку окуу жайда да таланттуу студенттердин бири. 5-классынан бери «Манас», дастан айтып, ырчылык, алып баруучулук менен алектенет.

«Мен 1997-жылы 22-июлда ырыскылуу Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында жарык дүйнөгө келгем. Үй-бүлөдө 5 бир туугандын улуусумун.

2004-жылы аталган айылдын Т.Сыдыкбеков атындагы орто мектебинин босогосун аттадым. 2005-жылы үй-бүлөбүз менен Каракол шаарына көчүп келип, А.П.Чехов атындагы №6 орто мектебинде окуй баштадым. Айылдан шаарга келип, орус класста окуп калдым. Ошентип, 5-классымда окуп жүргөн күндөрдүн биринде түшүмдө аян берип, аз-аздан «Манас» айта баштадым. Кийинчерээк шаардык, облустук кароо-сынактарды жеңип, Нарын облусундагы республикалык «Жаш таланттар» сынагына катышып, 2-орундун ээси болдум.

«Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» демекчи, мурун колума алып көрбөгөн улуттук аспабыбыз комузга болгон кызыгуум артып баштады. Муну байкаган атам өз колу менен жасаган комузун туулган күнүмө белек кылды. Ошентип, комуз ийримине барып, анча-мынча ырдаганды да үйрөнүп, дастан, «Манас» айтып эле тим болбостон, 8-класстан баштап жакшылык, тойлорго чыгып ырдап жүрүп, тамадалыкка баш бактым. Тойлорго чыккан сайын такшалып, эл оозуна алынып, кудайга шүгүр, калың элдин батасын алып келдим.

Мектепте окууларымдагы ийгиликтер, коомдук иштерге активдүү катышып жүргөндүктөн, 11-классты аяктаганча мектеп президенти болуп жүрдүм. Мектепти артыкчылык менен аяктап, кесип тандоого убакыт келип, анча-мынча искусство чөйрөсүнө аралашып, даамын татып калгандыктан, алыс кете алган жокмун.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Роза Аманова сабак берет деп угуп, оюмдун баарын жыйып алып түз эле ошол жерге барып, окууга өтүп кеттим. Чоң шаарга келип, чоң жашоого кадам таштадым. Окуудан сырткаркы жумушумду таштабастан, дагы да такшалыш үчүн Нурзат Токтосунованын «Нур» алып баруучулар академиясына барып Таалайкүл Ташманбетова, Арслан Ибрагимов, Максат Надырбеков, Нурзат Токтосунова сыяктуу билимдүү, илимдүү, өз ишин мыкты билген проффессионалдардан сабак алдым.

«Кыбыраган кыр ашат» дегендей, аз болсо да өз алдымча ыр жаздырып, анча-мынча тасмаларда эпизоддук ролдорго катышып, чыгармачылык чөйрөгө аралашып келе жатам. Келечекке койгон максатым — КР Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, белгилүү ырчы, обончу, алып баруучу болуу. Тамадалардын катарын толуктап, калың кыргыз элиме өз өнөрүмдү тартуулагым келет. Ошондой эле маданият министри болууну кыялданам.

Быйылкы жылы университетибизде өткөн иш-чараларды алып барып жүрүп, «Manas Awards - 2018» жыл мыктыларын аныктоо сынагында «Жылдын мыкты алып баруучусу» наамына ат салышып, 3-орунга ээ болдум.

Азыркы учурда Түркиянын Анталия шаарында эс алып да, иштеп да жүргөн кезим.

Таңатар Акматовдун жашоодогу ураандары:
1. Ар дайым позитив! Айланамдагы адамдардын маанайын көтөрүүгө ар дайым аракет кылам.
2. Ар дайым окуу, изденүү, жаңылануу!
3. Ушунчалык жакшы адам бол, жада калса душманың душман экенине өкүнсүн!
4. Эч нерсеге өкүнбө, анткени бардыгы Кудайдын жакшылыгы үчүн!
5. Өз ишиңди сүй!
6. Ата-энемдин ыраазычылыгын алуу!
7. Өз талантымды тартуулап, элден эң ыйык бата алуу!

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу балдар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up