Америкада акысыз билим алган Алина Ысык-Көлдү көрө электе Атлантика океанында болду

Америкада акысыз билим алган Алина Ысык-Көлдү көрө электе Атлантика океанында болду

Билим АКИpress үлгүлүү окуучулар жана студенттер менен тааныштырууну улантат. Бул жолку каарманыбыз — аксылык Алина Акимбекова. Ал англис тилиндеги «FLEX» сынагын жеңип, Америкадан акысыз билим алып келди. Учурда 11-класстын бүтүрүүчүсү. Алина өз маегинде ийгилиги, чет өлкөдөгү жашоосу жана келечектеги пландары тууралуу айтып берди.

- Мен 2000-жылы Аксыда төрөлгөм. 2007-жылы Чаткал районунун Шекафтар айылындагы В.И.Ленин атындагы орто мектебине кирип, 5-класска чейин окудум. 2011-жылдан баштап Аксыдагы Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия мектебинде 10-класска чейин билим алып, 2016-жылдын октябрында Кербен «Билимканасына» өттүм. «Билимканадан» «FLEX» («Futuve Leaders Exchange Program») сынагына катышып, жеңүүчүлөрдүн катарын толуктап, Америка Кошмо Штаттарында 1 жылдык билим алууга укук алдым.

- Америка сени кандай тосуп алды?
- Эң жакшы десем жаңылышпайм. АКШнын Джорджия штатындагы Томасвилл шаарында Чатмандардын үй-бүлөсүнө бардым. Алар мени өз кызындай жылуу кабыл алышты. «Thomas County Central High School» мектебинде 9 ай билим алдым. Ал жерде окуп гана чектелбестен, ыктыярчылык менен алектендим. Ыктыярчылыкта «Hands On Thomas County» деп аталган уюм аркылуу иштеп, шаардагы иш-чараларга активдүү катыштым. Андан сырткары, мектептик кабарчы болдум, макалаларды жазып, камерага сүрөткө тартчумун.

Менин жазган иштерим «Thomasville Times» гезитине жана «Thomasville Magazine» журналына басылып чыкты. «Broadcasting and video production class» деген сабагын алып, «News 4 You» деген мектептик жаңылыктарды классташтарым менен чогуу тарткам.

- Америкадагы үй-бүлөң тууралуу айтып берсең...
- Жогоруда айткандай, мен Чатмандардын үй-бүлөсүндө болдум. Алар мени өз кызындай кабыл алышты. Ал жактагы ата-энем мага көп жардам беришти, жол көрсөтүштү. Алар менен Багамы аралында кайык менен круизге барып келген кызыктуу күндөрүм эсимден кетпейт.

- Ушул сыяктуу сынактарга катышкысы келген окуучуларга кандай кеңеш берет элең?
- Сынакта эң негизгиси англис тилин билүү керек. Тапшырмалар өтө оор эмес. Бул сынакта аракетчилдик, лидерлик, адам менен тез тил табышуу, ачык-айрым сапаттар эң керек.

Учурдан пайдаланып, мен окуган Ж.Бөкөнбаев, «Билимкана» мектептеринин мугалимдерине терең ыраазылык билдирем. Мугалимдер берген билим аркылуу мен сынакта жеңишке жеттим, АКШда билим алдым. Эң кызыгы, Ысык-Көлдү көрө электе Атлантика океанын көрдүм, жаңы досторду таптым, аларга Кыргызстан жөнүндө айтып бердим.

- Келечекте кандай максаттарың бар?
- Мен Кыргызстанга 26-майда кайтып келдим. Мамлекеттик сынактарды Ж.Бөкөнбаев атындагы мектептен тапшырып, 20-21-июнь күндөрү Ош шаарында ЖРТга катыштым. Азыркы учурда Кыргыз-Орус славян университетинин эл аралык факультетинин журналистика адистиги боюнча окууга даярданып жатам. Келечекте дүйнөлүк деңгээлдеги журналист болууну кыялданам.

- Рахмат Алина, максаттарың ишке ашсын!

Маектешкен: Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия мектебинин мугалими МИРА МУКТАРОВА.

Сиз дагы билим тармагындагы ийгиликтериңиз, мектептеги, жогорку окуу жайдагы, бала бакчадагы кызыктуу окуялар, өнөрлүү, таланттуу балдар, классташтар, активисттер, сүйүктүү мугалимдер тууралуу жана айылдагы жаңылыктарды Билим АКИpress сайтына билдирсеңиз болот.

WhatsApp: 0777 37 46 39

Электрондук дарек: bilim.akipress@gmail.com

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up