Миңтемир Курбаналиев — Баткен облусу боюнча «алтын сертификат» алган жалгыз бүтүрүүчү

Миңтемир Курбаналиев — Баткен облусу боюнча «алтын сертификат» алган жалгыз бүтүрүүчү

Билим АКИpress - Баткендик бүтүрүүчү Миңтемир Курбаналиев, бүгүн, 3-июлда Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбековдун колунан «алтын сертификат» алды. Ал жалпы республикалык тестирлөөдөн 220 упай топтоп, Баткен облусу боюнча «алтын сертификат» алган жалгыз бүтүрүүчү болду.

Миңтемир республикалык тестирлөөгө 1 жылдан бери даярданып келгенин айтты. «Мен 2017-жылдын сентябрь айынан бери жалпы республикалык тестирлөөгө даярданып келгем. Өзүм буга чейин кыргыз тили жана адабияты предметинен олимпиадаларга катышып, облустук деңгээлге чейин жетип, орундары алып жүргөм. Ошондуктан тестте билген маалыматтар туш болуп, жеңил болду деп ойлойм», - деди бүтүрүүчү.

М.Курбаналиев кийинки жылдын бүтүрүүчүлөрүнө тестке даярдоочу курстарга барууга кеңеш берет. «Мен тестирлөөгө даярдоо боюнча курстарга барган жокмун, ошол нерсе мени бир аз артка тартып койду. Курска барганда аябай жакшы жыйынтык болот экен. ЖРТ жакындап калганда көп убакыт жоготконумду сездим. Ошондуктан 11-класста убактымды жалаң окууга бөлдүм. «Алтын сертификат» алам деп күткөм, бирок менден күчтүүлөр ала албай калганда корко баштадым. Мектеп директору чалып куттуктаганда, аябай сүйүнүп кеттим», - деп бөлүштү Билим АКИpress сайтына М.Курбаналиев.

Миңтемир 7-класска чейин Баткен областынын Апкан айылындагы А.Жоробаев атындагы орто мектепте окуп, 14 жашынан баштап Кадамжайдагы «Семетей» лицейинде билим алган.
«Алтын сертификат» ээси жөнөкөй үй-бүлөдө тарбияланган, 5 бир туугандын эң кичүүсү. Ата-энеси азыркы учурда пенсияда.

«Алдыда «Ататүрк - Ала-Тоо» университетинин эл аралык мамилелер факультетине тапшырам. Келечекте Кыргызстандын керегине жараган инсандардан болгум келет», - деди Миңтемир сөзүнүн аягында.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up