Видео — эң мыкты 66 бүтүрүүчү президент С.Жээнбековдон баалуу белектерди алышты

Видео — эң мыкты 66 бүтүрүүчү президент С.Жээнбековдон баалуу белектерди алышты

Билим АКИpress - Бүгүн, 3-июлда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку упайларды топтогон мектеп бүтүрүүчүлөрүнө «алтын сертификаттарды» тапшыруу аземи болуп өттү.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн мыкты 66 бүтүрүүчүсүнө «алтын сертификаттарды», ноутбуктарды жана акчалай сыйлыктарды ыйгарды.

Өлкө башчы жалпы республикалык тестирлөө Кыргызстанда 17 жылдан бери өткөрүлүп келе жатканын жана ал жогорку окуу жайларына кабыл алуу кампаниясын өткөрүүдө коррупциялык коркунучтарга каршы ийгиликтүү долбоор болуп калганын белгиледи.

Ал ошондой эле «алтын сертификат» ээлерин, өзгөчө мугалимдерди куттуктады. «Мен 60 жаштамын, бирок азыркыга чейин өз мугалимдеримди эстейм. Силер да кийин жашоого жолдомо берген мугалимдериңерди эстейсиңер», - деди С.Жээнбеков.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up