Айылдык мектепти аяктаган Толкун кызыл аттестат менен «алтын сертификатка» татыды

Айылдык мектепти аяктаган Толкун кызыл аттестат менен «алтын сертификатка» татыды

Билим АКИpress - Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ача-Кайыңды айылындагы «Ой-Терскен» орто мектебинин бүтүрүүчүсү Толкун Жеткинбекова жалпы республикалык тестирлөөдөн 224 упай топтоп, өлкө президенти Сооронбай Жээнбековдун колунан «алтын сертификат» алды.

Толкун жалпы республикалык тестирлөөгө 2 жыл даярданган. Мектептик эс алуу учурунда Бишкек шаарындагы тестирлөөгө даярдоочу курстарга барган. 1-класстан бери жалаң «5» деген баага окуп, мектепти «Алтын тамга» артыкчылык аттестаты менен аяктады.

«Чынында, «алтын сертификатты» аябай алгым келген. Тестирлөөгө катышып чыккандан кийин жогорку упай топтойм деп ишенгем, бирок «алтын сертификат» алам деп эч ойлогон эмесмин. Аны алганымда аябай кубандым. Мага ишенген ата-энемдин үмүтү акталганына аябай кубанычта болдум. Аткени мугалимдерим да, ата-энем да менден эң чоң жетишкендиктерди күтүшкөн», - деп айтап берди бүтүрүүчү.

«Алтын сертификат» ээси келечектеги пландары тууралуу бөлүшө кетти. «Кичинемден бери дарыгер болууну самап келем. Ошондуктан Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын биринен медицина тармагында билим алууну каалап жатам. Чет өлкөгө чыгуу пландарым бар, бирок 1-курсту өзүмдүн өлкөмдөн окуп баштасам дейм», - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Комментарии будут опубликованы после проверки модератором
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
Фотоматериалдар
×

up