Кыргызча так сүйлөп, көп тил билген америкалык ыктыярчы: Мен Кыргызстанда калып, балдарга англис тилин үйрөтөм

Кыргызча так сүйлөп, көп тил билген америкалык ыктыярчы: Мен Кыргызстанда калып, балдарга англис тилин үйрөтөм

Билим АКИpress - Американын түштүк аймагында жайгашкан Джорджия штатынан келген 25 жаштагы Тревис Ричардсон. Ал «Тынчтык Корпусунун» ыктыярчысы. Учурда Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Ак-Жар айылындагы мектепте англис тили мугалими болуп иштейт.

Кыргызстанга келгенине аз убакыт болгонуна карабай, Тревис кыргыз тилинде эркин сүйлөйт. Ал Билим АКИpress сайтына өзү жана ыктыярчылык иши жөнүндө айтып берди.

«Менин кыргызча атым Темирлан. «Тынчтык Корпусунун» ыктыярчысы катары менин милдетим — Кыргызстандын начар өнүккөн аймактарындагы айылдырда жашаган адамдарга жөндөмдөрдү жана компетенттүүлүктү чыңдоого жардам берүү. Ошон үчүн мен Нарын облсундагы Ат-Башы районунун четинде жайгашкан Ак-Жар айылында жашап, англис тили мугалими болуп 8 айдан бери иштейм.

Кыргызстанга 10 ай мурун келдим. Кыргыз тилин үйрөнүү үчүн 2 ай Чүйдө кыргыз үй-бүлөсү менен жашадым. Кыргыз тили абдан кызыктуу деп ойлойм. Мага анча оор болгон жок. Анткени мен орусча эркин сүйлөй алам жана көп тилдүүмүн. Мен Жорджияда төрөлгөм, бирок апам Германиядан, ошондуктан ал мага немис тилин үйрөттү. Ал эми атам Пуэтро-Рикодон болгондуктан, мени менен испан тилинде сүйлөшчү. Кийин 10 жыл Канадада жашадым. Ал жактан француз тилинде сүйлөчүбүз.

Мен жумасына 18 саат англис тилинен сабак берем. Кесиптештериме жана Ат-Башы районундагы мугалимдерге окутуу ыкмаларын үйрөтөм. Мектепте жумасына 8 ийрим өтүп жатам. Жогорку жана кичи класстар үчүн англис тили ийримин, айылдык ишкерлер жана жашоочулар үчүн испан, франуз, орус, немис ийримдерин өтөм.

Биринчи жолу Нарынга барганда аябай суук, чыкыроон болду. Бирок, Кудайга шүгүр, тез көнүп кеттим. Себеби 10 жыл бою Канадада жашагам, ал жакта дагы абдан суук болот. Ак-Жарда да кыргыз үй-бүлөсү менен жашайм. Алар мыкты үй-бүлө. Мени менен кыргызча, орусча сүйлөшөт. Кыргыз маданиятына көнгөнгө жардам беришет жана, албетте, мени жакшы көрүшөт. Мен да аларды жакшы көрөм. Алар менин чыныгы үй-бүлөм, себеби Америкада үй-бүлөм жок. Үйлөнө элекмин, ата-энем жана менин эгизим каза болуп калышкан. Ошондуктан Америкада жалгыз эле жашайм. Кыргызстандан мен чыныгы үй-бүлөмдү таптым.

Чет тилдерди үйрөнүш үчүн эң мыкты ыкма — ачык сүйлөшүү. Биз ачык сүйлөшөбүз. Эгер ката кетсе, эч нерсе болбойт, мен текшербейм. Биз жөн гана сүйлөшөбүз, жыргайбыз, көңүл ачабыз. Ошондуктан мен балдарга чет тилдерди үйрөтүш үчүн оюндарды, ырларды көп колдоном.

Ат-Башыдагы эң биринчи кышкы лагерим абдан ийгиликтүү болду. Көп балдар англис тилин үйрөнүштү, жыргашты. Мен Кыргызстанда, Ат-Башыда калам жана балдарга англис тилин үйрөтөм», - деп айтып берди Темирлан.

Комментарии в ВЫХОДНЫЕ дни и НОЧНОЕ время (с 18.00 до 9.00 по Бишкеку) будут опубликованы после проверки модератором.
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Видеоматериалдар
×

up